20-спикер Талант Мамытов. Спикерлик кызматка кимдер келип, кимдер кеткен? (Тизме)

20-спикер Талант Мамытов. Спикерлик кызматка кимдер келип, кимдер кеткен? (Тизме)

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынды депутаттардын эң улуусу Шарапаткан Мажитова ачып, эл өкүлдөрү ант беришти. Спикерликке Адахан Мадумаров менен Талант Мамытов көрсөтүлдү. Жыйынтыгында «Ынтымак» фракциясынан депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 87 депутаттын 63ү колдосо, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан сунушталган Адахан Мадумаровдун талапкерлигин 10 депутат колдоду. 14 депутат экөөнө тең каршы добуш беришти.

Спикерлик кызматка кимдер келип, кимдер кеткен?

Тарыхка кылчайсак, баарынан эсте калганы Ишенбай Кадырбеков болуптур. Себеби, ал 2005-жылдын 24-мартында, биринчи революциядан кийин спикер болуп, ал орунда ошол жылдын 14-апрелине чейин эле отурган. Андан кийин келген Муратбек Мукашев да тез эле кызматтан түшкөн. Андан кийин Өмүрбек Текебаев спикер болуп, андагы ажо Курманбек Бакиев менен аппарат башчысы Үсөн Сыдыков менен келише албай, аябай кармашканы эсибизде. “Эркек болсоң, асынып ал!” деп Бакиевге сын айта калам деп балээсине калган. Андан кийинки спикер Адахан Мадумаров болсо, депутаттарды “смокинг кийгиле” деп кыйнаган. Баарынан эсте калган спикердин бири бул Айтибай Тагаев болгон. Ал киши орус тилин жакшы билбегендиктен, орус тилиндеги жолугушуу-сүйлөшүүлөрдө дайыма жанында орус тилинен кыргыз тилине которгон котормочу отурчу…

Эми тизмеге өтсөк, сап башында «легендарлуу» атыккан парламенттин кадырлуу аксакал төрагасынын ысымы турат:

1.Медеткан Шеримкулов (1990 -1994)

2.Мукар Чолпонбаев (1995—1997)

3.Алманбет Матубраимов, (1995 — 1997)

4.Усуп Мукамбаев (1997 — 2000)

5.Абдыганы Эркебаев (1997 —2000)

6.Алтай Бөрүбаев (2000 — 2005)

7.Ишенбай Кадырбеков (24-март-14-апрель 2005-ж.)

8.Муратбек Мукашев (2005-ж.)

9.Өмүрбек Текебаев (2005-ж. —2006-ж.)

10.Марат Султанов (2006-ж. — 2007-ж.)

11.Адахан Мадумаров (2008-ж. — 2008-ж.)

12.Айтибай Тагаев (2008-ж. — 2009-ж.)

13.Зайнидин Курманов (2009-ж. — 2010-ж.)

14.Ахматбек Келдибеков (2010-ж. — 2011-ж.)

15.Асылбек Жээнбеков (2011-ж. — 2016-ж.)

16.Чыныбай Турсунбеков (2016-ж. — 2017-ж.)

17. Дастан Жумабеков (2017-ж. — 2020-ж.)

18. Канат Исаев (2020-жылдын 13-октябрынан 4-ноябрына чейин)

19. Талант Мамытов (2020-2021-ж.ж)

20. Талант Мамытов (2021-ж. 29-декабрь)

Ошентип, президент Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Талант Мамытов кайрадан спикер болду.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.