ВИДЕО — Нургүл БАКИРОВА: «2022-жыл Кыргыз мамлекети үчүн ак жолтой жылдардан болсун!»

ВИДЕО — Нургүл БАКИРОВА: «2022-жыл Кыргыз мамлекети үчүн ак жолтой жылдардан болсун!»

Жыл жаңырарына саналуу гана сааттар калды. Уй жылын узатып, Жолборс жылын тоскону турабыз. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кыргызстандыктарды келе жаткан 2022-жыл — Жаңы жыл менен куттуктады:

— Урматтуу мекендештер!

Жакынкы күндөрү аруу тилек жана бийик максаттар менен 2022-жылдын босогосун аттаганы турабыз. Жаңы жыл тосордун алдында өтүп бара жаткан жылга саресеп сала турган болсок, бул жылы өлкөнүн мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган бир топ маанилүү чечимдер кабыл алынып, олуттуу кадамдар ташталды. Ал эми сот тутуму үчүн маанилүү окуялардын бири, албетте, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы менен сот тутумунун ишин жөнгө салган мыйзамдардын жаңыланышы болду.

Өлкө укуктук мамлекет катары демократиялык багытта өнүгүүсү сот тутумунун коомдогу абалы менен байланыштуу. Учурда сот тутумунун көз карандысыздыгын бекемдөө, анын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана ишмердүүлүгүн жакшыртуу багытында алгылыктуу иштер жасалып жатат жана бул иштер улана бермекчи.

Келе жаткан жылы да жарандардын негизги укуктары менен эркиндиктери сотто эффективдүү корголушун камсыз кылуу боюнча зарыл болгон бардык чаралар көрүлөт.

Жалпы мекендештерди, анын ичинде сот тутумунун ардагерлерин, судьяларды, сот аппараттарынын кызматкерлерин, Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлерин келе жаткан жаңы жыл майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Келе жаткан жыл өлкөбүз үчүн зор жетишкендиктердин жылы болсун. Элибиз аман, журтубуз эсен болуп, коомубузда ынтымак, жергебизде тынчтык ыроолосун! 2022-жыл Кыргыз мамлекети үчүн ак жолтой жылдардан болсун!

Жогорку соттун Басма сөз кызматы

P.S. Жакында жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын кызыктуу маегин окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.