ВИДЕО — Патрулдук милиция кызматкерлеринин кезектеги жаңы жылдык сюрпризи. Фаралар менен музыка ойноп…

ВИДЕО — Патрулдук милиция кызматкерлеринин кезектеги жаңы жылдык сюрпризи. Фаралар менен музыка ойноп…
Ошентип, 2021-жыл да аяктап баратат. Жыл жаңырарына саналуу гана сааттар калды. Уй жылын узатып, Жолборс жылын тоскону турабыз. Ар бир мекеме ар кандай ыкма менен кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап жатышат. Бишкек ШИИББ кыргызстандыктарга машинанын фаралары менен музыкалык видеоролик даярдашкан. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди. 
Алардын видеоролигинен мурда алгач алгы сөзүн берели:
— Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, элге кызмат кылуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо Бишкек шаарынын милиция кызматынын артыкчылык милдети болуп саналат. Өткөн жыл, жарандар менен милициянын бири-бирине урмат-сый көрсөтүп, жардам берип, ошол эле учурда милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачса, жарандар кылмыштар жана окуялар тууралуу өз убагында билдирип турду.
Ар дайым жарандар үчүн Шаардык милициянын эшиги ачык жана сутканын каалаган убагында адамдарга жардам көрсөтүүгө даяр.
Баса белгилей кетсек, милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун бейпил жашоосу үчүн күнү-түнү нөөмөттө турушат.
Бишкек ШИИББ кыргызстандыктарды келе жаткан 2022-жаңы жылы куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык күндөр, бактылуу жашоо каалашат. Жаңы жылга карата Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынын жана патрулдук милициясынын кызматкерлеринин катышуусу менен кезектеги жаңы жылдык сюрприз – майрамдык видеоролик тартуулайт.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.