Нургүл Бакирова сот тутумунун басма сөз кызматтарына фотоаппарат, ноутбуктарды тапшырды

Нургүл Бакирова сот тутумунун басма сөз кызматтарына фотоаппарат, ноутбуктарды тапшырды
Бүгүн, 12-январда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова сот тутумунун басма сөз катчыларына керектүү болгон жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, төрайым аймактардагы соттордун, Бишкек шаардык сот жана Жогорку соттун басма сөз кызматына жаңы фотоаппараттарды, ноутбуктарды тапшырды. Жабдыктар Кытай элчилигинен берилген.
Иш-чарага төрайымдын орун басарлары: Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча орун басардын милдетин аткаруучу Кеңешбек Токтомамбетов, Административдик иштер боюнча орун басары Айнаш Токбаева, жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басардын милдетин аткаруучу Турсунгүл Чаргынова, Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматов, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жогорку соттун Аппаратынын бөлүм башчылары жана сот тутумунун басма сөз катчылары катышкан.
Нургүл Жакыповна басма сөз катчыларынын ишинин сапатын, натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгын, калктын сот тутумуна болгон ишенимин арттырууда алардын аткара турган ролу чоң экендигин айтып, сот тутуму менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы көпүрө экендигин баса белгиледи.  “Сот органдары менен сот корпусунун позитивдүү имиджин калыптандырууда  ийгиликке жетишүүнүн эң маанилүү шарты –сот бийлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу. Ошол эле учурда, силерден жалпыга маалымдоо каражаттары  жана блогерлер менен конструктивдүү жана эффективдүү өз ара аракеттенүүнү куруу талап кылынат. 
Мыйзам ар бир адамдын мамлекеттик органдардын карамагындагы маалыматка жетүү укугун кепилдегенин эстен чыгарбоо керек. Берилген маалымат маалыматка жетүү эркиндигинин негизги принциптерине: коомчулукка жеткиликтүүлүгүнө, объективдүүлүгүнө, өз убагында берилишине, ачыктыгына жана маалыматтын ишенимдүүлүгүнө ылайык келүүгө тийиш”,-деди төрайым
Нургүл Бакирова.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.