Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2-марттагы маалымат жыйынында, журналисттерге маалымат берип, алардын бардык суроолоруна ачык жооп берди.
Мэр шаардын бюджети тууралуу маалымат ачык-айкын болушу керектигин баса белгилеп, акчанын кайда кетип жатканы тууралуу маалыматты мэриянын коридоруна илип коюуну пландап жатканын, финансыны журналисттер гана эмес, ар бир салык төлөөчү билиши керектигин билдирди.
Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп ушул жылдын 24-февралында дайындалган.
Өмүр баянын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. ВИДЕО тажрыйбалуу журналист Айчүрөк Борукеевага таандык.