Аалы ТУТКУЧЕВ: «Амантай «Сары кашка» болсо, сен мындан ары «Ай кашка» бол» деп айтты эле…»

Аалы ТУТКУЧЕВ: «Амантай «Сары кашка» болсо, сен мындан ары «Ай кашка» бол» деп айтты эле…»

95 жылдыкка арналган айтыш

Жазуучулар Союзунун мүчөсү, III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы маркум Ашыралы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык «Айтыш-2022» бүгүн, 16-мартта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Төкмө акын Асылбек Маратовдун айтымында, байге фонду 1000000 сомду түзгөн. Бул айтышка тандоо туру кечээ, 15-мартта өтүп, ага 49 төкмө акын катышып, 12си өткөн. Тизме бу ШИЛТЕМЕде.

АРХИВден…

Наила АЙТАЛИЕВА: «Ашыралынын ыргыткан ырларын билгизбей чогулта берчүмүн…»

– Наиля апа, Ашыралы атабыздын туулган күнү 8-март эмес беле. Бул күнү кимдер келет?

– 8-март келе жатканда абышкам унутулуп калбасын деп телерадиого чалып, «Ашыралы Айталиевдин туулган күнү» деп эскертип турам. Ал жерде иштеген Исакова Жээнгүл, Итигулова Чынар, Кулумбаева Гүлмира, Канымжан Жаманбаева аттуу кыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, алар жыл сайын Ашыралыны эскерип, мени телерадиого чакырып сүйлөтүп эскеришет.

«Айтыш» коомдук фондуна ыраазычылыгымды гана билдирем. Абышкамды акыркы сапарга узатып атканда «Айтыш» коому көп жардам кылды. Ашыралынын окуткан балдары атасын өлгөндөн көмгөнгө чейин тикесинен тик туруп, акыркы сапарга узатышты. Ошондон бери ар дайым үйгө келип, апалап жардамын берип турушат. Концерттер болуп калганда үйгө келип машинасына салып алып барып, кайра жеткирип коюшат. Ашыралынын «Айтыш» коомундагы окуткан балдары жыл сайын гүлдөрүн, тортун көтөрүп келип майрамым менен куттуктап, чалыма куран окуп кетишет. Быйыл дагы келишет болуш керек.

– Китеби чыкты беле?

– Ашыралы кайсы жерде ырдаса ырлары ошол жерде жазылбастан калып калчу. Мен да агезде жаш болуп, акын эмне экенин түшүнбөптүрмүн. Кийин түшүнүп «кап» деп өкүнүп калдым. Атаңар ыр жазгысы келгенде, бир нерсени жазымыш болуп чиймелеп, жазганын кайра окуп чыгып жакпай калса бүктөп-бүктөп ыргытып жиберчү. Ошол ыргытылган ырларын ага билгизбей чогулта берчүмүн. Бир күнү сыналгы көрүп отурсак, Замирбектин китеби чыгып, ошону көрсөтүп калды. Мен намыстанып, «Бир да китебиң жок, бир китеп чыгарбайлыбы?» десем, «Ээ койчу, жазган эч нерсем болбосо кайсыны чыгарасың?» деп койду. «Чыгарабыз» деп, Ашыралынын шакирти Жеңишбекти чакырып, «Ашыралыга айтсам болбой жатат. Эптеп бир китеп чыгаралы» десем, макул болду. Анан мен баягы жыйнаган Ашкемдин ырларын эски сумкадан алып чыгып, «Балам, карап көр, жаратчусун жаратып, эптеп бир китеп чыгарып бер» деп бир тыйын бербестен колуна карматтым. Эки жыл чыккан жок.

Кийин Ашыралы өтүп кеткенде, «Жеңиш, айланайын, кыбыра. Мен дагы жакшы баса албайм» деп китепти козгой баштадым. Жеңишбек кагылайын, 2010-жылы 500 нуска менен «Ашыке» аттуу китебин өзүнүн каражатына чыгарды. Сүйүнүп ыраазы болдум, бир чети өзү көрбөй кеткенине кейидим. Ашыралынын тирүү кезинде бир дагы китеби чыккан жок. Ырлары ырдалып эле талаада калып жатса каяктагы китеп болот.

 – Эстелиги турса керек?

– Абышкам экөөбүз кобурашып отуруп калганда: «Кемпир, мен сенден биринчи кетем го. Балдардын ар кимиси өз оокаты менен алек болуп калды. Сен мени кантип ардактап коер экенсиң» деп калчу. «Өлүп калсаң башыңа жүз коем. Мен оңой татар катын эмесмин» деп тамашалап калчумун. Каза болгондон кийин ар кимге думана болуп акча сурап, филармониядан, Канттын элинен жардам алдым. Нариман Түлеев Ашкенин айкелин тургузганга жардамын аяган жок, чоң суммада акча берген. Ал жакшылыгын эч унутпайм. Ошентип жүрүп атаңардын эстелигин жүз койдум. Бул оңой иш эмес. Бул менменсиген жигиттердин колунан гана келчү иш. А мен жетимишке чукулдап калсам дагы абышкамдын эстелигине жүз коюп, жанына жакшынакай гүлдөрдү өстүрүп койдум. Азыр ал жерге барсаңар атаңар гүл бакчанын койнунда жатат.

 – Атабыз окуган мектепке ысымы берилди деп уктук эле…

– Ашыралы каза болгондон кийин окуган мектебине атын койдурайын деп барбаган жерим, ачпаган эшигим калган жок. Ошол кезде өкмөт кыймылдап да койгон жок. Бирде «мектепке Ашкенин атын беребиз» дешсе, бирде «бербейбиз» деп отуруп, акыры кудайдын жардамы менен 2009-жылы «Ашыралы Айталиев атындагы орто мектеп» деген токтом чыкты. Токтом чыккандан кийин баары бүттү деп жата бергем. Көрсө, мектептин мөөрү «Туз орто мектеби» боюнча кетип, эч кандай каттоо болбоптур. Муну Билим Берүү министрлиги бекитмек экен. Андай мыйзамын кайдан билем. Күн бир аз жылып калганда, Билим Берүү министрлигине барып, «Эмне үчүн 4 жылдан бери Ашыралы Айталиев атындагы мектеп деп бекитиле элек? Жок дегенде бул кимдин атындагы мектеп деп кызыгып карап койбойсуңарбы?!» деп айтайын деп камданып турган кезим…

Аалы ТУТКУЧЕВ, төкмө акын: «Ашыралы атабыз дайыма жүрөгүбүздө»

 – Ашыралы Айталиев кандай адам эле?

– Ар бир акындын ырынын обону өзүнүн мүнөзүнө жараша болот. Ашыралы Айталиев атабыздын обону дагы өзүнүн мүнөзүндөй оор басырыктуу, салмактуу. Ошол эле маалда бизди үйүнө чакырып алып сабак өтчү. Деги эле кайсы жерде болбосун бизге нарк-насилин, каада-салтты, ошону менен бирге эле «кыргыздын улуу-улуу нерселерин унутпай акындык менен ала жүргүлө» деп айтаар эле. «Акындын университети бул дасторкондун чекеси» деген сөздү көп айтчу. Себеп дегенде, силер көбүнчө дасторкондун чекесинде элге төгүп ырдап бергениңерде акындык дараметиңер өсөт. А сахнадан жалпы элге баягыдай эле ырдап коюшуңар мүмкүн. Отурушта болсо, ар бирин бирден атап ырдайсыңар» дечү эле.

— Туулган күнүндө барып куран окуп турасызбы?

— Атабыздын туулган күнү менен катар Наиля апабыздын майрамы эмеспи. Бош болгон учурубузда барып турабыз. Негизи эле 8-март майрам болгондуктан куттуктоолор көп болот. Ошондон улам кээ бир учурларда көңүл бура албай калабыз. Бирок, Ашыралы атабыз дайыма биздин жүрөгүбүздө.

– Ашыралы атабыздын «Ай кашкасы» болгон турбайсызбы?

– Ашыралы атабыздын 80 жылдык юбилейинде Амантай байке экөөбүз айтышып, Ашыкени куттуктап ырдаганбыз. Ошондо Ашыралы атабыз биздин ырдаганыбызга ичи жылып, ыраазы болуп калган окшойт. Эртеси күнү «Аалы мен сага «Ай кашка» деген атты койгум келди. «Ай кашка» деген илгери Шабдандын ашында далай аттар чабылып, алтымыш чакырымга ат чабылган жерде эң алдында бир кашка ат келген. Ошол аттын чуркашы алыстан караган адамга айдын формасын элестеткен. Ошондо элдер «Ай кашка келди» дешкен экен. Мен сенин кечээги ырдашыңда ошону элестеттим. Амантай «Сары кашка» болсо, сен мындан ары «Ай кашка» бол» деп айтты эле…

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

«Баягы Асаба», 2014-жыл

Ашыралы АЙТАЛИЕВ: «Кемпирим жаш кезинде гүлгө эле ыраазы болчу…»

– Ашыралы ата, айымдардын майрамында төрөлүп калыпсыз. Бул күнү байбичеңизге белек бересизби же белек күтөсүзбү?

– 8-мартта бала-бакыра, неберелер үйгө келип, кемпирим экөөбүздү куттуктап, жылуу сөздөрүн айтып, белек-бечкектерин тапшырып кетишет. Ал эми кемпирим: «Менин майрамым» десе, мен: «Менин туулган күнүм» деп бири-бирибизден белек күтүп олтуруп, ал күндү өткөрүп ийип, эртеси куттукташабыз. Жаш кезде гүлгө эле ыраазы болуп калчу, азыр чоң белек үмүт кылат. Андыктан акча берип коем, каалаганын сатып алаар…

Назира СААЛИЕВА,

«Бишкек таймс», 2004-жыл

Ашыралы атабызсыз өткөн 14 жыл…

Ак таңдай акын Ашыралы Айталиев Кант районундагы Жедигер айылында 1927-жылдын 8-мартында туулган. Ырга болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөндө башталып, кыргыз рухий көркөм дүйнөсүнүн келечегине кам көрүп, Кыргызстанда жаш төкмө акындардын, манасчылардын мектебин ачкан. Бир топ шакирттерди даярдап, таштап кетти.

2008-жылдын 13-октябрында дүйнө салган. Андан бери 14 жыл өтүптүр…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.