Бүгүн, 23-мартта Бишкекте “Кыргызстандагы медиа: келечекке кадамдар” аталышта медиа форум өтөт. Мындай иш-чараны Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия жана Медиа өнүктүрүү борбору уюштурууда. Алардын айтымында, иш-чарага өкмөт жана эл аралык уюмдар өкүлдөрү катышып, Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын абалы жана өнүгүү маселелери талкууланат. Аягында алар “Кыргызстандын журналистинин этика кодексинин” жаңы редакциясына кол коюшат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы