Жазуучулар Союзунун мүчөсү, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы маркум Ашыраалы Айталиев атабыздын көзү тирүү болгондо 95 жашка чыкмак. Жакында эле мааракесине арналган республикалык айтыш Бишкекте болуп өттү. Ал иш-чарага атабыздын уул-кыз, небере, чөбөрөсү катышты. Анда Мыктыбек аттуу уулу сахнага чыгып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, төкмө акын Акматбек Султан уулуна сыйлык тапшырышкан. Ал бул ШИЛТЕМЕде.
Мыктыбек мырзанын уулу Азиз Бөлөкбаев менен маек курдук.
— Азиз, чоң атаңдын 95 жылдыгына арналган айтыш кандай өттү деп ойлойсуң?
— Чоң атабыз Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык «Айтыш-2022» менин жеке пикиримде, жогорку деңгээлде өттү. Залдагы көрүүчүлөрдүн кыйкырык-сүрөө, кол чабуулары буга далил болду деп ойлойм. Мага да аябай жакты. Акыркы жылдардагы мыкты айтыштардын бири болду деп айтсам жаңылбайм.
— Төкмө акындардын айтышы купулуна толдубу?
— Бул айтышка 15-мартта «Манас» кинотеатрында тандоо туру өткөн. Ага 50гө чукул төкмө акын катышып, 12си өткөн. Алар 16-мартта чоң атабыздын акындык, төкмөлүк, обончулук, дастанчылык, адамдык сапаттарын кеңири ачып бере алышты. Купулума толду. Чоң атамдын эмгеги зор болгонун баса белгилешип, Бишкектен бир көчөгө ысымын берүүнү бийликтен суранышты. Ушундай сураныч менен биз, өзгөчө Наила апабыз буга чейин президентке кайрылып эле келбедик беле… Наила апабыздын мындай кайрылууларын чыгармачыл адамдар жана кыргыз элим колдоп кетишпедиби. Ойдогу нерсе айтылып, эл колдоп турса кубанат экенсиң. Ушул маселенин чечилишин Наила апабыз күн санап күтүүдө. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов айтышка катышып, баарын укту. Ал киши да залкар манасчы Сапарбек Касмамбетовдун уулу эмеспи, оң жакка чечээр…
— Айтыштын алдында силер менен кеңешүү болсо керек?
— Албетте. «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов, катчысы Темирбек Матыбаев, төкмө акындар Максат Кулуев, Акмат Султан уулу Наила чоң апабыздын үйүнө келишип, айтыш качан, кандай шартта өтөөрү тууралуу жана башка дагы маселелер боюнча чогуу-чаран талкуулап, чечкенбиз. Айтыш биздин ойдогудай 16-мартта ишке ашты. Учурдан пайдаланып, ушундай иш-чараны уюштурган уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип кетет элем. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министри Азамат Жаманкуловго, Республикалык «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязга, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго, коммерциялык эмес кооператив «Ансар» групп компаниясына, «Койлон-Ата» коомуна, калыстар тобуна, Маданият, тарых жана тил каналынын жетекчиси Назира Аалы кызына, режиссер Назгүл Мусаевага, «Кыргыз радиосунун» баяндамачысы Чынара Итигуловага, төкмө акындарга жана дайыма моралдык жактан колдоп, жазып келаткан сиздердин «Алакан» сайтына терең ыраазычылык билдирем.
— Чоң атаңдын 95 жылдыгына карата китеп чыгарам деп жаттың эле. Ал канчалык деңгээлде бүтүп калды?
— Чоң атам тууралуу китеп чыгаруу идеясы дагы деле күчүндө, дээрлик 90 пайызы бүтүп калды. Анча-мынча кошумча, толуктай турган бөлүктөрү калды. Анан, албетте, аны жарыкка чыгаруу келип эле каражатка такалат да. Бул маселе да оң жакка чечилип калса, Кудай буйруса, жай мезгилине жетпей чыгарабыз деген үмүтүбүз бар.
— Чоң атаң эмнеси менен эсиңде калды?
— Тамаша кептери, олуттуу мүнөзү менен эсимде калды. Күлүп- жайнап туруп эле олуттуу мамиле кылып, суроо узатып калчу. Бир жолу капысынан мага: «Жер шарын биринчи жолу ким айланып чыккан?» деген суроону берип калды. Дароо эле токтолбостон «Христофор Колумб» десем, башын чайкап, «Ай, ушу сенден жакшы деле тарыхчы чыкпайт. Жообуң туура эмес! Туура жообу — Фернандо Магеллан» деп урушту эле… Чоң атамдын китеп текчеси бар болчу. Окуган китептери боюнча шакирттери да сахнада учкай айтып өтпөбүдү… «Акын, тарыхчы болом деген киши китепти көп окушу керек!» деп көп айтчу.
— Тарыхчысыңбы? Кесибиң менен иштеп жатасыңбы?
— Ооба. 2004-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктагам. 15 жылдан ашуун билим берүү тармагында эмгектенгем. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин философия жана социалдык гуманитардык кафедрасында иштеп жатам. Үй-бүлөлүүмүн. Келинчегимдин аты Нурзат. Эки уулубуз бар.
— Чоң атаңдын комуз чертүү өнөрү кимиңерде бар?
— Мен билгенден туугандардын ичинен бирөөбүз дагы комуз черткенди билбейбиз. Бирок, үйрөнсөк деген тилектебиз. Чоң атамдын артында калган үч уул, эки кыз, 20дан ашуун небере, чөбөрөсү бар. Тилекке каршы, бир агабыз көп жыл мурун каза болуп калган.
Тун улуу Туратбек ата, ал комузду мыкты чертет. Поэзияга жакын адам. Ранат эжебиз да чыгармачыл адам, бир топ ырлардын автору катары белгилүү. Жазуучулар союзунун мүчөсү, котормочу. Япон тилинен кыргызчага которот. Мыктыбек атамдын эргүүсү келгенде, кээде комузду кыңгыратып коёт, кара сөздүн чебери. Динара эжебиз туугандар арасындагы отуруштарда ырдайт, болгондо да чоң атамдын ырларын мыкты ырдайт.
Ал эми Наиля апабыздын чоң атамдын турмушунда орду теңдешсиз, эмгеги опол тоодой экендигин баса белгилеп кетет элем. Акыркы жылдардагы оору-сыркоосуна карабай, ар дайым чоң атама тиешелүү бардык иш-чараларга активдүү катышып, акыл-кеңешин айтып келет. Абышкасынын 95 жылдыгына дагы зор эмгек өтөдү жа өтөөдө… Чоң апабызга бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз!
Маектешкен Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Ашыраалы Айталиевдин уулу Мыктыбек Айталиевдин кызыктуу маегин эртең окуй аласыздар!
One thought on “МАЕК — Ашыраалы Айталиев небереси Азизди эмне үчүн урушту эле?..”