Бүгүн, 29-мартта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги, диний жамааттардын өкүлдөрү Бишкектеги «Ынтымак» сейил багында көчөт отургузушту. Мындай иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да катышып, кызматынан жакында кетээр-кетпеси тууралуу журналисттердин суроосуна табышмактуу жооп бериптир, тагырагы, аны тастыктабаптыр дагы, төгүндөбөптүр. Ал: «Бардыгы Кудайдын колунда. Адам төрөлөт, өлөт. Адам кызматка келет, отставкага кетет», — дептир…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы