90 жылдыкты утурлай…
Ыраазычылык билдиребиз!
«Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» демилгесин «Ушул жыл «Байдылда Сарногоев» ааламындагы көркөм ыр ашууларынан окула турган, окуй турган, кайсы бир саптары эстен чыкса, кайра эстете турган, эстей турган жылдан болсун, не деген керемет акын, жазуучуларыбыз, таланттарыбыз өткөн, алардын ааламына чабыт жасай турган саамалыктар жылдарга улансын» деген изги тилек менен баштап, 12-майда акын-жазуучу, ырчы, депутат, дегеле, окурман журтубузга социалдык тармактарга эстафеталык саамалык кылып алып чыктык эле, кудайга шүгүр, бул демилгебиз коомчулукка жагып, колдоо тапты. Эстафетаны алгачкылардан болуп кабыл алып, саамалыктын башын ЖК депутаты Руслан Жакышов ачып берген эле, андан ары дымып калбай уланып кетти…
Руслан мырза эстафета шарты боюнча ыр окуу кезегин кесиптештери Нуржигит Кадырбековго, Марат Мураталиевге жана белгилүү мыкты акындар Жыргалбек Касаболотов менен Шабдан Сулаймановго узаткан. Эки акын агабыз эртеси эле жооп берип, эстафетаны андан ары узатышты. Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков менен белгилүү тележурналист Атахан Кожогулов тез эле эстафетаны кабыл алып, алар да андан ары узатышты. Ушундай мыкты акын агаларыбызга, акын эжелерибиз Мая Осмонкуловага, Кайыргүл Надырбековнага жана эркин журналист Айчүрөк Борукеевага терең ыраазычылык билдиребиз. Бул дагы болсо алп акыныбыз Байдылда Сарногоевге, дегеле кыргыз элибиздин таланттарына, баалуулуктарына болгон сый-урматыңыздар. Бар болуңуздар! Ар бириңиздерге ыраазычылык билдирип, убагында жазууга үлгүрбөй калуудабыз. Ал үчүн кечирим сурайбыз! Бирок, жазабыз…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы