«Жолдо»…
Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар журналист кызы Жамбы Жусубалиеванын демилгеси менен 29-октябрда башталган.
Жамгырбек БӨКӨШОВ: «Кубатбек Жусубалиевдин прозасын жакшы изилдей элекпиз, жакшы түшүнө элекпиз…»
Ноябрдагы иш-чаралар…
18-ноябрга чейинки “Жолдо” (“Идущий”) аттуу чыгармачылык жолугушуулардын программасы төмөндөгүдөй:
1-ноябрда, саат 17:00дө, Бишкектеги Франциянын Борбор Азияны изилдөө институнун кинозалында Кыргыз Эл жазуучунун жубайы, кинорежиссёр, маркум Клара Юсупжанова менен Кубатбек Жусубалиевдин документалдуу фильмдери көрсөтүлөт.
4-ноябрда, саат 18:00дө, Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасынын 1-кабатындагы АЛЬЯНС ФРАНСЭЗ бурчунда Франциялык сүрөтчү-саякатчы Софи Имрендин “Жолдо. Кыргызстандагы саякатчынын күндөлүгү” аттуу көргөзмөсү өтөт.
10-ноябрда, саат 14:00дөн 16:00гө чейин Кыргыз Улуттук китепканасында Кубатбек Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” романынын 2-басылышынын бет ачары болуп, андан кийин жазуучунун чыгармачылыгына арналган тегерек стол өтөт.
17-ноябрда, саат 09:30дан 14:00гө чейин Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын 2-кабатынын кичи залында “Кубатбек Жусубалиевдин философиялык дүйнөсү” аттуу илимий-практикалык конференция өтөт.
Баскан жолу…
СССР Кинематографисттер союзунун, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Эл акыны Кубатбек Жусубалиев Алай районундагы Кердегей айылында 1941-жылдын 30-октябрында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон. Эмгек жолу Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалимден башталган. Андан кийин, «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкер,
«Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген. Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1963-жылдан башталган. Биринчи аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» аталыш менен 1967-жылы басылып чыккан. Бир катар толук метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ: «Күн автопортретин тартып бүтө элек», «Толубай сынчы», «Муздак дубалдар», «Жети сөз жана Конфуций».
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы