Атактуу ырчы, обончунун ырчы кызы эстафетаны Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановго узатты (ВИДЕО)

Атактуу ырчы, обончунун ырчы кызы эстафетаны Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановго узатты (ВИДЕО)

Эстафета уланууда…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чара 11-ноябрда Талас облусунан башталып, Бишкектен жыйынтыкталат. 90 жылдыкты утурлай, биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Социалдык желеде бир топ инсандарыбыз эстафетаны улантып келди. Бирок ортодо ыр окуу ыргагы ар кандай кырдаалга байланыштуу токтоп калган эле… Жакында эле кайрадан жандантып, мамлекеттик иш-чарага (16-ноябрга) чейин улантып жатабыз, туугандар!Эстафетабызды улантууну улуу акындын улуу кызы Гүлсана Сарногоева эжебиз баштап, атасынын «Кыргызымдын жигиттери» аттуу ырын окуп, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковго узаткан. 

Акындын эстафетасына ырчы жооп берди…

Буга чейин акын Максат Исакова эжебиз Байдылда Сарногоевдин 194 куплеттен турган «Мидинге кат» сатиралык поэмасынан үзүндү окуп, эстафетаны атактуу ырчы, обончу Төлөш Турдалиевдин белгилүү ырчы кызы Стамгүл Турдалиевага узаткан.

Ырчы эжебиз Байдылда атабыздын «Бактылуу болуп жашайлы» аттуу ырын ырдап, эстафетаны Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүркановго узатты.

Бактылуу болуп жашайлы!

Сөзү : Байдылда Сарногоевдики,

Обону : Алтымыш Кадыровдуку

Бал болсоң бачым татайын,

Башымды сага катайын.

Махабат ташып жүрөктөн,

Бактылуу болуп жашайын.

Гүл болсоң күндө жыттайын,

Күлкүңдөн башка укпайын.

Жайды жайлап, айды айлап,

Жаныңдан алыс чыкпайын.

Сен менен өмүр бир өтсүн,

Сен мага сүйүү мүрөксүң.

Кай жерде жүрсөк бир каксын,

Кагышы эки жүрөктүн.

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу эстафета катышуучулары жана жалпы окурмандарыбыз!

Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап жана аларга эскертип;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.