Эсен болуп, эстей жүр!
«Жакшы менен жамандык чогуу жүрөт» деген чын экен. Кечээ, 31-мартта «ПолитКлиника» медиасынын 10 жылдык мааракесинен үйгө келип, жаңылыктарды ачсам эле, арасында «Исаев Кусеин Исаевич каза болду» деген жаман кабар жазылып жүрөт… Ишенип-ишенбей, Бакыт Сейитбаев агайдан тактасам, тилекке каршы, чын болуп чыкпадыбы… Агай бүгүн, 1-апрелде, Бишкектеги үйүндө, саат 9.00до жаназасы окулуп, саат 10.00до Кыргыз драма театрында акыркы сапарга узатыларын, «Ала-Арча» көрүстөнүнө сөөгү коюларын айтты.
Экономика, социология, философия илимдеринин доктору, профессор, окумуштуу, мударис, Кыргыз эл мугалими, биздин сүйүктүү агайыбыз Кусеин Исаевич өмүрүн илимий изилдөөлөргө, социалдык маселелерге, социалдык түзүлүштүн, улуттун, билимдин, жаштардын, саясаттын социологиясына арнап өттү. 1994-жылы андагы Бишкек гуманитардык университети (азыркы Бишкек мамлекеттик университети) «Башкаруу жана социология» факультетин ачып, декан болуп турганда Политология бөлүмүн аяктаганбыз. «Окуунун эрте кечи жок, окууга тапшырып, жогорку билим ал!» деп какшап жатып окууга тапшырткан. 7 жылдан кийин жогорку окуу жайга (БГУга) өтүп, ийгиликтүү аяктап, политология кесибине ээ болуп, журналист болуп иштеп калганыма жол ачып берген дал ушул мыкты агайым болгон. 2013-жылы көчөдөн жолугуп калганымда, турмуш курганымды угуп, аябай кубанып, кафеге алып кирип, «Эрнис Асек уулу деген чоң философго турмушка чыгып, мени кубанттың. Тандооң мыкты экен. Эрнис мен жакшы көргөн котормочу, журналист, жазгандары мыкты. Философту сыйла, кадырла, баркына жет!» деп акыл-насаатын айтып, эртеси «Баягы Асаба» гезитибиздин кеңсесине жөн келбей, баш кошуубузду, гезиттин чыгышын куттуктап, конверт (15 миң сом) менен жүрөкчө конфет көтөрө келиптир, «турмушуңар ушундай таттуу болсун!» деп… Ошондо агайымдан интервью алдым эле… элеси көз алдыма тартылып, кабыргам кайышып, ошону кайталап берип турам…
АРХИВден…
Кусеин ИСАЕВ: «Социология» деген түшүнүктүн пайда болгонуна бир жарым кылым болду»
– Кусеин Исаевич, социологдордун майрамына дүйнөлүк социологдор чакырылдыбы?
– Жок, чакырылган жок. Аларды чакыруу чоң акчаны чапчыйт да. Илимий конференцияны Кыргызстандагы эле социологдор, илимий докторлор чогулуп, өткөргөнү турабыз.
— Социологиянын пайда болушун учкай айтып берсеңиз…
– «Социология» деген түшүнүктүн пайда болгонуна бир жарым кылым болду. Алгач Францияда пайда болгон. 1901-жылы 4-ноябрда «Бүткүл дүйнөлүк социология күнү» деп белгилей башташкан. 22-октябрдагы революциядан кийин социологдор социалисттик революцияны кабыл алган эмес. Ошондо Россиядан орустун мыкты социолог, философ, тарыхчыларын, экономисттерин – 126 кишини пароходго отургузуп, чет мамлекетке кууп жиберишкен. Ошолор Францияга барып француз тилинде, Германияга барып немис тилинде, Америкага барып англис тилинде гуманитардык билимдерди өнүктүргөн. Францияда социология илимине «жалган илим» деп тыюу салынган. Ошентип, 1985-жылга чейин социология илими Орусияга келген эмес. Ошол жылы Горбачевдун, Брежневдин «Жаңылануу» деген саясаты болбоду беле, ошол саясаттын учурунда Орусияга келип, адегенде прикладдык социология, лаборатория иштери, цехтер уюшулат. Анан 1992-жылдан баштап өнүгө баштайт. Ошол жылдары мен Москвада окуп жүрдүм, кандидаттыгымды Москвада жактадым, доктордук диссертацияны коргодум. Ошондо мен социология эмне экендигин түшүнүп келдим. Биринчи Политехникалык институтта, 1983-жылы социологиялык илимий-изилдөө лабораториясын ачканбыз. Анан биз социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Ошол изилдөөнү жүргүзгөндө Кыргыз Республикасынын жаштары күчтүү болгон. Мен, Эмил Ниязов болуп, сыйлыкка ээ болгонбуз. 1993-жылдарда биринчи жетишкендик болгон. Ошондон кийин Политехникалык институтта 10 жыл иштедим. Андан кийин, азаттыкка чыкканда бизди үчкө бөлүп жиберишти. Ошондон кийин мен дагы кеткенге аргасыз болдум, Гуманитардык университетке.
БГУда Башкаруу жана социология факультетин ачтык. Андан көптөгөн социологдор, политологдор чыкты. Азыр көрүнүктүү, элге таанымал болуп калган алгачкы политологдор: мына, сен, Назира Аалы кызы, Нурзат Наматбекова. Сен көп деген гезиттерде иштеп, тарыхый инсандардын жакындарынан, саясатчылардан интервью алып, социалдык темаларда макала жазып жатсаң, адашың Назира КТРдин маданият жагын тейлеп, кыргыздын рухун, духун көтөрүп жатат. Ал эми Нурзат болсо, Дипакадемиянын проректору. Ал мен деген атактууларды дипломат кылайын деп окутуп жатат. Депутаттарды окутууда. Менин окуучуларым деп силер менен сыймыктанып келем. Менин окуучуларым кийинки муун да.
Негизи социологдор үч муунга бөлүнөт. Биринчи мууну Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларында окугандар, социология, философия, экономикадан түшүнүгү бар адамдар. Алар: Элнура Элебаева, Рахат Ачылова, Кубанбек Турганов, Үмүт Асанова, Алай Илаков. Булар БГУнун Башкаруу жана социология факультетинде мугалим болуп иштешкен. Андан кийин экинчи муун пайда болду. Атай кетсем: Гүлнара Ибраева (азыр Америка университетинде иштейт), Нурбек Өмүралиев, Рая Осмоналиева, Сайкал Жунушова, Таалайкүл Шаршенкулова, Айганыш Абылгазиева, Анара Алдашева, Бакытбек Малтабаев, Улан Коконбаев, Муктар Молдалиев. Башка жактан билим алып келишип, Кыргызстанда кандидат болушкан. Ал эми 3-муун БГУну бүтүп, илимий ишке аралашкандар: Чолпон Кошоева, Феруза Мамашева, Чынара Өмүркулова, Жеңишкүл Бакеева, Чынара Батракеева, Бакыт Сейитбаев. Алардын алды доктур, кандидат болушту.
– Социология илими бизде өнүкпөй эле, «өлүп» калгандай…
– Бардык нерсени коомдун кабыл алышынан да. Коомдун ой-пикирин оңдоп, жакшырта албасак, анда илимдин «өлгөнү» ошол. Анда илимдин кандай зарылчылыгы бар? Мисалы, илимдин чордону болгон Илимдер Академиясында «Социология» деген түшүнүк жок. Социология илиминде өзүнүн ыкма, жолдору бар, толук жетиштүү. Тилекке каршы, биз элге, мамлекетибизге колубуздан келген жардамыбызды бере албай жатабыз. Себеби, мамлекет жана анын жетекчилери аны пайдалана билишпейт. Мисалы, 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад облустарында болгон кайгылуу окуялар, 7-апрелдеги 87 баланын атылышы, миңдеген жарандардын жарадар болушу, мына ушунун бардыгы улуттук саясаттын, баалуулуктардын эсепке алынбагандыгынан болуп жатат.
– Сиз айтып жаткан баалуулук, дегеле саясаттан маданиятка чейинки социологиялык сурамжылоо мурда жүргүзүлчү эмес беле. Акыркы күндөрү жүрбөй калгандай…
– Мисалы биз башында ай сайын жүргүзө баштаганбыз. Өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаевдин кылган иши боюнча эки жарым жыл ай сайын сурамжылоо жүргүздүк. Сурамжылоого жүз киши катышкан. Эки жарым жыл 1-орундан түшкөн жок. Барып-барып 3-орунга түшүп, анан 7-орунга кептелди. Анан бийлик чычалап, «сурамжылоо жүргүзбө!» деп мени кысымга ала баштады. Мени менен чогуу иштеген мыкты талдоочулар Эмил Ниязов менен Карыбек Жигитовго «кызмат беребиз» деп сунуштап, акыры кызмат берди. Балдарыма коркунуч туудурушту. Андан кийин лабораторияны жабышты. Ар кандай кысымдарды көрсөтүштү, «камайм» деп коркутушту. Кыскасы, социологиялык сурамжылоо жеке менин пикирим эмес, элдин пикири экенин бийлик түшүнгөн жок.
– Андан кийинки Бакиев бийлигинде деле социологиялык сурамжылоо жүргүзүп, «Ак жол» партиясына, андагы депутаттарга «2» деген баа бердиңиздер эле. Анда да коркутуу-үркүтүү болду беле?
– Коркутканга үлгүрбөй калышты, революция болуп кетпедиби…
– Азыркы бийликке сурамжылоо жүрүп баштадыбы?
– Ооба, жүрүп жатат. Азырынча ажо Алмаз Атамбаевди сурамжылоодо биздин эксперттер төмөн түшүрө элек. Биз дагы изилдеп жатабыз. Жакында жарыялайбыз, силердин гезит аркылуу…
– Агай, кадр даярдоо жагы кандай болууда?
– Социология бүгүнкү күндө 4 жогорку окуу жайында окутулуп атат: БГУ, Улуттук университетте, Орто Азиядагы Америка университетинде жана Кыргыз–түрк «Манас» университетинде. Бирок бүгүнкү күнү социологиялык кадрларды даярдоо өтө начарлап кетти. Себеби, мамлекет эч кандай көңүл бурбайт. Батыш Европа өлкөлөрүндө бир дагы ишкана социологсуз иш алып барбайт. Бизде болсо, ушул күнгө чейин социолог адиси пайдаланып социалдык шарттарды жакшыртуу өнөр жайларда кабыл алынган эмес. Биз конгресстерге катышып турушубуз керек. Мисалы мен, 1998-жылы Канаданын Монреаль шаарында Бүткүл дүйнөлүк социология ассоциациясынын 14-конгресси болгон, ошого катышкам. Анда кыргыздардын жергиликтүү башкаруусунун өзгөчөлүктөрү жана көчмөнчүлүктөн кийинки замандарда кандай пайда болгону тууралуу доклад жасагам. Биз бүткүл дүйнөлүк социологдордун 14,15, 16,17-конгресстерине да катыштык. Бардыгында кыргызча доклад жасап, алар англис тилинде журналдарга жарыяланган.
– Канча социологиялык борбор бар?
– Дүйнөлүк социологиянын эки борбору бар. Бир борбору Парижде, 1919-жылы Эл аралык социологиялык институт деп түзүлгөн. Экинчи борбору – Мавритте, ал жерде 1949-жылы Дүйнөлүк социологиялык ассосация деп БУУнун ЮНЕСКО уюму менен бирге түзүлгөн. Мына ошол ЮНЕСКОго доклад жөнөттүк. Париждеги 36-конгрессине мени чакырышты. Ошондо мен «Кыргыз социалдык илиминин дүйнөлүк социологияга кошкон салымы» деген доклад жасап, 8 нерсени санап бергем. 1) Теңирчилик; 2) «Манас» эпосу; 3)Тармактык эпостор; 4) Кыргыздын санжырасы жаңы тарых. Кыргыздар эч качан санжырасын унуткан эмес. Санжырасы аркылуу көпчүлүк өзгөчөлүгүн сактап келген. Кыргыздын салты боюнча 7 атасына чейин никелешүүгө тыюу салынган. Комузду алсак, анын күүсү эми кайталангыс нерсе да. Үч кыл менен эле америкалык, европалык симфонияларды ойноп койгон. 5) Макал-лакаптар. Макал-лакаптардын саны боюнча дүйнө жүзүндө кыргыздарга жеткен эч бир калк жок. 15 миң макал-лакап, накыл сөздөрү бар ушул тапта. Аны билесиңерби? Кайсы кыргыз билет? 6) Ат жабдыктары. 7) Боз үй эмеректери. 8) Үй оокатынын оймо-чиймелери. Бул дагы дүйнө жүзүндө эч бир жерде кайталангыс көрүнүш.
Маектешкен Назира СААЛИЕВА,
«Баягы Асаба» (2013-жыл, 21-ноябрь)
Кош, агай! Бейишке чыгыңыз!
Агайдын адамгерчилиги да бийик инсан эле. Жардам керек болгондо жардамын аячу эмес. «Баягы Асаба» гезиттин бир санын чыгарууга карайлап каражат таппай турганда, агай бизге 50 миң сом берген эле… анда да: «берем деп убара болбогула, тимеле койгула, жардамым ушул болсун» деп…
Кусеин Исаевичти акыркы жолу кесиптешим Назира Аалы кызынын атасынын ашында (былтыр) көрдүм эле… Агайды көргөндө атамды көргөндөй кубанып, көзүмө жаш ала учурашканымда, чекемден өөп: «Эрнистин жаткан жери жайлуу болсун! Ден соолуктун айынан батага бара албай калдым. Эскерүү кечесин өткөргөнүңдө бардым, китебин алдым. Ал боюнча пикиримди жазып берем» деди эле… Аттиң дүйнө, жазууга жетишпей калдыңыз, эми Эрниске өзүңүз жолугуп, пикириңизди айтарсыз… Айла жок, айла жок, айтууга аргасызмын, кош, агай! Кемчилик кетсе, кичириңиз! Бейишке чыгыңыз, агай!
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Кусеин Исаевичтин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
2 thoughts on “Кусеин ИСАЕВ: «Илимдин чордону болгон Илимдер Академиясында «Социология» деген түшүнүк жок» (Архив)”