Өмүрбек Тиллебаев Абай сыйлыгы менен сыйланып, Токтогул сыйлыгына сунушталды. Колдойбузбу?..

Өмүрбек Тиллебаев Абай сыйлыгы менен сыйланып, Токтогул сыйлыгына сунушталды. Колдойбузбу?..
Бүгүн, 25-апрелде Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” аттуу адабий-поэтикалык кечеси, “Бата жана каргыш” китебинин бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев катышып, акынга «Түрксой» эл аралык уюмунун Абай атындагы сыйлыкты тапшырды.
Сыйлык ээси Өмүрбек агабыз «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
Бүгүн Ж. Баласагын атындагы улуттук университетте «Бата жана каргыш» аттуу ыр менен жазылган романымдын бетачар аземи болуп өттү.
Романды алгачкылардан болуп окуган акын-жазуучулардын, адабиятчылардын, сынчылардын ой пикири мага баарынан кызык, маанилүү эле. Ошолор эмне деп айтат экен деп жүрөксүп турдум. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ойлору жакшы. Бет ачарга келген улуу-кичүү агайын туугандарга: Кыргыз эл жазуучусу Меңди Мамазаирова, белгилүү окмуштуу, этнограф, тилчи, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов, эл аралык «Түрксой» уюмунун башкы катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев, акын, тарыхчы Абдырахман Алымбаев, белгилүү коомдук ишмер, чыгаан тележурналист Нышанбек Кочкоров, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков, адабиятчы, сынчы Садык Алахан, Кыргыз эл жазуучусу Бекен Назаралиев, акын, журналист Жедигер Саалаев, адабиятчы, сынчы Аскар Медетов, акын, журналист Дүйшөнбек Керимов, алып баруучу, акын Атахан Кожогулов, белгилүү обончу Түмөнбай Колдошев, төкмө акын Акматбек Султан, акын инилерим Максат Жангазиев, Улукбек Омокеев, Акжол Дооронбек уулу, «Нурборбор» эл аралык академиясынын мүчөлөрүнө чын ыкластан ыраазычылык билдирем. Албетте, бетачардын триумфу «Түрксой» эл аралык уюмунун Абай атындагы сыйлыгы менен сыйланганым болду. «Түрксойдун» баш катчысы Султан Раевге чоң ыракмат айтамын.
Ал эми хандан, бектен тартынбаган, ар дайым өз оюн бетке айтып келген белгилүү журналист Нышанбек Кочкоров романды толук окуп чыкканын, бул чыгарманы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүш керек деген сунушун билдирди.
Сыйлык сиздики, сыймык биздики, Өмүрбек ага. Бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.