Русланбек ЖАКЫШОВ: «Курман айт бардык жакшылыктарга себепчи болсун!»

Русланбек ЖАКЫШОВ: «Курман айт бардык жакшылыктарга себепчи болсун!»
Бүгүн, 28-июль — Курман айт.
Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек ЖАКЫШОВдун КУТТУКТООСУ:
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди касиеттүү Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Кечиримдүүлүк менен кайрымдуулукка чакырган бул майрамда Жараткан чалган курмандыктарыбызды, айткан тилектерибизди кабыл кылсын! Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болуп, дүйнөдө согуш болбосун!
Жайылган дасторконубуз бөксөрбөй, үйүбүзгө ырыс-кут орносун!
Таарынышкандар табышып, бир туугандык, достук жана жакын коңшулук мамилелер бекемделсин!
Жаркыраган жай күнүндө белгиленип жаткан Курман айт майрамы бардык жакшылыктарга себепчи болсун!
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Русланбек ЖАКЫШОВ

Курман айттын тарыхы…

Кыргызстанда Курман айт расмий түрдө мамлекеттик майрам болуп саналат. Курман айтты майрамдоо Ибрахим пайгамбардын  Кудайга болгон терең ишеними менен байланышта. Куранда жазылгандай, кудуреттүү Алла Таалам анын түшүнѳ кирип, жалгыз баласы Ысмайылды курмандыкка чалууну буюрат. Буйрукту аткаруу үчүн ыйык Мекке жайгашкан Мина өрөөнүнө барат. Бирок Кечиримдүү жана Ырайымдуу Жараткан анын бычагын мокок кылып, мууздай албай коёт. Ошол учурда Жебрейил периште (ага тынчтык болсун!) Ибрахим пайгамбарга козуну асмандан түшүрѳт. Ошол окуядан кийин, Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Халил (Аллахтын досу) деген ысымга ээ болот.

Жараткандын адам баласына калтырган түбѳлүктүү осуяты жѳнүндѳ унутпаш үчүн, бул күнү жандык малды курмандыкка чалуу керек. Анткени Ибрахим пайгамбар (ага тынчтык болсун!) Кудай тартуулаган козуну курмандыкка чалган. Бул кандайдыр бир сыйкырдуу үрп-адат эмес, болгону, күнѳѳнүн кесепеттери, ишенимдин сакталышы жѳнүндѳ эскертүү.

Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт! Колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго да жардам бериш керек. Бул күндөрү көптөн бери кабар ала элек туугандарга (жетим-жесирге) барып ал-абалын сураса, белек тартууласа чоӊ соопчулук болот. Ошондой эле таарынышып кеткен тууган, теңтуш же башка адамдардан кечирим сураса сообу көбүрөөк тиет.

Курман айтта мал союу шарт, бирок, ооруган малды союуга болбойт! Курмандыкка чалынган малдын эти үчкө бөлүнөт: бир бөлүгү кайрымдуулукка, кедей-кембагалдарга же жетим-жесирлерге берилет. Экинчи бөлүгү туугандарга, кошуналарга, дос-тааныштарга бышырылып берилет, үчүнчү бөлүгүн мал ээси өзү алып калса болот.

Курман айт күн чыккандан тарта майрамдалат. Бул күнү ар бир мусулмандын үйүндѳ майрамдык дасторкон жайылып, тууган-туушкандарды, коңшу-колоңдорду конокко чакырып, Куран окуп, Аллага дуба кылып, Жаратканды улуктоо зарыл.

Курман айтыбыз маарек болсун!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.