Молдо НИЯЗ тарыхый китеби жарык көрдү. Аны ким жазды?…

Молдо НИЯЗ тарыхый китеби жарык көрдү. Аны ким жазды?…

Китеп текчеңизге…

Акын, котормочу, журналист маркум жолдошум Эрнис АСЕК уулунун (1970-2020) китеп текчесине дагы бир тарыхый китеп кошулду. Дегеним Улуттук жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү, бир катар сыйлыктардын ээси, белгилүү журналист, үч тилде (өзбек, уйгур, орус) эркин сүйлөгөн котормочу кесиптешибиз Жажанов Адылжан агабыздан тарыхый инсан Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдык мааракесине арналып жазылган «Молдо Нияз — алгачкы агартуучу, ойчул жана жазгыч акын» аттуу китебин белекке алдым. Окуп чыктым. Даректүү фактыларга таянып жазылган китепте залкар акыныбыздын Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түштүк Казакстан менен Кытай Эл республикасынын Батыш аймактарын кыдырып терең билим алганы, санаттарын китеп кылып даярдап, элге жайылтканы баяндалыптыр. Эки бөлүктөн турган китептин биринчисинде тарыхый-адабий баян, экинчисине Молдо Нияз тууралуу буга чейин журнал, гезиттерге жарык көргөн кызыктуу макалалар, ырлар, ой-пикирлер жана тарыхый сүрөттөр киргизилиптир. Сапаттуу чыгып, жакшы жазылган китеп тарыхка, адабиятка кызыккан адамдарды кайдыгер калтырбайт.

Автор тууралуу учкай кеп

Аталган китептин автору Адылжан Жажановдун буга чейин «Мен эки заманды тең көрдүм», «Кыргыз сурьмасын даңазалаган Зулпукар Маматов» аттуу китептери жарык көргөн.

Коңшу мамлекеттин достугун бекемдөө максатта алардын акын, жазуучуларын жазып келе жатат. Биздин сайтыбызга Ахун Жоро аттуу өзбек акыны жөнүндө жазган макаласы жакшы окулган. Жаңы эле жарык көргөн тарыхый китеби дагы жакшы окулат деп ойлойм.

Тарыхый инсандарды кийинки урпактарга жеткирүү биздин милдет эмеспи. Келгиле, туугандар, китепти таратууга, тарыхый инсанды жайылтууга жардам кылалы. Байланыш телефону: 0706 460 230.

Тарыхый инсандын санат ырлары…

Фарс, араб, чагатай тилдерин жакшы билген, ошол тилде жаза да алган, өз доорунун эң билимдүү аалымы, жазгыч акыны Молдо Нияз Эрназар уулунун чыгармачылыгында санат ырлары өзгөчө орунда турат. Ырларынын көбү диний мазмунда жазылган: өмүр-өлүм, адеп-ахлак, жамандык-жакшылык, бу дүйнө-тиги дүйнө…

Санат ырларын комуз менен Кыргыз Эл артисттери Жолболду Алыбаев, Саламат Садыкова жана белгилүү обончу, ырчы, алып баруучу, маданияттын мыкты кызматкери Максат Кулуев ырдап, элге жеткирип жүрөт.

Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгы быйыл күзүндө Баткенде белгиленери айтылган.

Назира СААЛИЕВА

P.S. «Молдо Нияз — алгачкы агартуучу, ойчул жана жазгыч акын»  аттуу китептин автору Адылжан Жажановдун маегин жакында окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.