ВИДЕО — Орто Азия аймагынан жалгыз Дүйнөлүк поэзия фестивалына чакырылган акын Алтынай Темирова

ВИДЕО — Орто Азия аймагынан жалгыз Дүйнөлүк поэзия фестивалына чакырылган акын Алтынай Темирова

5 континенттин ар кайсы өлкөлөрүнөн 60 акын катышкан Дүйнөлүк жана Эл аралык поэзия фестивалдары ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу аталган фестивалдарга Кыргызстандан, дегеле Орто Азия аймагынан чакырылган Бүткүл дүйнөлүк поэзия кыймылынын (WPM-Kyrgyzstan) улуттук координатору, биздин белгилүү акын, драматург жана котормочу Алтынай Темирова билдирди. Акын эжебиз бүгүн, 26-июлда Кыргызстанга учуп келет.

Алтынай эжебизден уюшулган иш-чара боюнча кыскача маалымат алдык. Анын айтымында, планетабыздын атактуу шаарларынын биринде – Меделлинде, жаратылышы эң кооз, узун деңиз жээктеринде, ошондой эле байыркы цивилизациялардын көп издери бар Колумбияда дүйнөлүк поэзиянын эки чоң тарыхый окуясы болгон: 1-июлдан 16-июлга чейин 33-Эл аралык Меделлин поэзия фестивалы жана ага биргелешкен Дүйнөлүк Поэзия фестивалы болуп өткөн. Коңшулаш Венесуэла мамлекетинин Каракас шаарында Акындардын Дүйнөлүк Конгресси Меделлин шаары менен биргеликте 15-18 июлда өткөрүлгөн. Венесуеланын 17- Эл аралык фестивалына да 16-25-июлга чейин катышышкан.

Меделлин эл аралык поэзия фестивалында 5 континенттин кайсы өлкөлөрүнөн 60 акын катышкан. Ал эми Кыргызстандан (Орто Азия аймагынан) Бүткүл дүйнөлүк поэзия кыймылынын (WPM-Kyrgyzstan) улуттук координатору, биздин белгилүү акын, драматург жана котормочу Алтынай Темирова чакырылган. Иш-чаранын алкагында ал сөз сүйлөп, ырларын окуп, ошондой эле Медельин китепканасына, университетине бир нече китептерин: Москвада орус тилинде жана Германияда немис тилинде басылып чыккан ыр жыйнактарын белекке берген.

Фестивал аяктагандан кийин бардык катышуучулар Венесуэлада WPM Дүйнөлүк Конгрессинин программасын улантууга катышуу үчүн Каракаска жөнөшкөн.

 «Дүйнөлүк Поэзия Кыймылынын Биринчи Конгресси дүйнөлүк коомчулук катары чогулуп, ар түрдүү көз караштарыбызды бөлүшүү жана поэзиянын биздин жашообузга жана коомубузга тийгизген зор таасирин белгилөө үчүн теңдешсиз мүмкүнчүлүк болду.  Бул ой жүгүртүү, кызматташуу жана поэзиянын дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүчү күчүн ишке ашыруу аркылуу адамзаттын келечегин жакшырта турган бекем байланыштарды түзө турган күч экени белгиленди. Жакшы жашоо, кадыр-барк, адилеттүүлүк жана дүйнөдөгү тынчтык үчүн жалпы поэтикалык саякатыбызды арноочу учур экени аныкталды.

ПОЭЗИЯ ДҮЙНӨНҮ САКТАП КАЛАТ! ПОЭЗИЯДА НУКУРА ДААНЫШМАНДЫК, СУЛУУЛУК, КӨРК ЖАНА КӨРӨ БИЛҮҮЛҮК, ЭСТЕТИКА, МАДАНИЯТ, БООРУКЕРЛИК — АДАМЗАТКА ТИЕШЕЛҮҮ БАРДЫК ЖАКШЫ САПАТТАР БАР! ДҮЙНӨ АКЫНДАРЫНЫН БАШЫН КОШКОН ДҮЙНӨЛҮК КОНГРЕСС ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК ПОЭЗИЯ ФЕСТИВАЛЫ МЫНА УШУНДАЙ ПРОГРАММАДА ӨТКӨРҮЛДҮ. АЛГАЧКЫ КАДАМ АРЫМДУУ БОЛДУ! КЕЛЕЧЕК, КӨП ИШТЕР АЛДЫДА!БАР БОЛ ПОЭЗИЯ«-дейт акын эжебиз Алтынай Темирова.

Баса белгилей кетсек, Алтынай Темирова Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун (1991-ж.), ПЕН-клубдун (2000-ж.), КРнын Кинематографисттер союзунун ( 2014-ж.) о.э. Адабият, искусство жана коммуникация академиясынын (2021-ж.ЛИК Эл аралык уюмунун) «академик» наамына татыктуу болгон мүчөсү, поэтикалык, драмалык жана котормо адабий чыгармалары үчүн бир нече жолу республикалык жана эл аралык сыйлыктарга татыктуу болгон, көптөгөн чыгармалары дүйнөнүн ондогон тилдерине которулган жана которулууда…

ТАЯНА ТУДЕГЕШОВА
(Шор элинин белгилүү акыны)

Которгон — Алтынай ТЕМИРОВА

* * *
Мен – кызымын аба деген уруунун,
Байыркынын, байыркысы — бул чыным.

Аба деген – Ата, чаңдак талаада
Куудай башын ийген тулаң ага да.

Аба десе – угам жаа ышкырыгын,
Аба… түштү сар жалбырак шыбырың.

Саадагында ар бир жаанын октору
Жетчү жоого жан бүткөндөй октолуу.

Аба… атым мүдүрүлдү арыштап,
Жаткан атка капталдан кан оргуштап.

Бул аргымак чыккан эле дүңгүрөй –
Бейажал ок жеткен экен түбүнө.

Кетти уулдар, эрдик жолун тандашып,
Тууган жердин көкүрөгү калды ачык.

Аба-Ата!!! Сиңет Көккө чыңырык…
Алптар эле, эми – куудай карылык…

Аба, Аба… Каным кызып согууда,
Кайда очогум, кайда ата каны да?

Аба!.. Түштө – күн жаркырайт, бийикте,
Аба… Урду суук шамал чекеге.

Аба… үндөр эрип, ырлар басылды.
Кошок кошом – коштошуу ыр акыркы.

Тукум курут болду биздин уруубуз…
Барбы мындан ашкан кайгы, угуңуз!
Мен кошогу – аба элинин байыркы.

БАКШЫБҮБҮНҮН АЙТКАНДАРЫ

Түндүн түбүн тешет көздөрүм,
От боюнда сырдуу түтөгөн,
Келечектен айтам көргөнүм,
Эшик ачып башка дүйнөдөн.

Маңдайыма жазган жазмыш-ко –
Болуу сакчы акка, карага.
Тогуз көздүү жебемин, Көккө
Жерден кабар айткан ааламда…

Сезет жүрөк шамал чиерин
Суу бетине жым-жырт, баш коюп,
Көк бетине – булут чеккенин
Айтам, сырдуу тамгадан окуп.

Таттуу үнүн булбулдардын да,
Теңир сүйгөн — таптым маанисин;
Гүлдөр жашайт, демине бага –
Мээр Рухун жарыктын бүтүн.

Эркелетип жер бетин нурлар
Кетет Жерден, жылжып караңгы…
Каптап. Түн. От. Добулбас кагар
Мен бакшымын, күчтөргө абалкы…

ЖАНЫБАРЫМ, ЧАРЧАБА…

Жаныбарым, карагерим!
Туяк алдың көк иримдүү дарыя…
Жээктерин жууп, жулган
не деген алп бактарды.
Төбөбүздөн өткөн сымал
кылымдар таскак сала,
бир заматта өпкөбүз көөп,
кырылдадык аптыга.
Бул дүйнөдө кыйкырыгым
чыгаар азыр акыркы,
Тумчугаттыр Көккө сиңип,
ушул үнсүз абада.
Ат жалына өбөктөймүн –
жалгыз атчан кайыккан,
Нан сунуп, ал сураар жан жок,
жай да жок баш катарга.
Карагерим, ойлой көрбө,
эми мени “акмак жан”:
Мен өзүм да таякталдым,
алды турмуш шылдыңга!
Андыктан мен сенин күчтүү
моюнуңа баш катам,
Досуң барын сезип тургун
аязда чыкылдаган.
Аста досум, баспасынчы
денеңди бүт калтырак:
Аз калды эми, жутат бизди
түбөлүктүү жай муздак.
Кечир мени, жүргөн элең
эч бир камчы салдырбай,
Бу жарыкта көйгө салдым
сени да кошо кыйнап…

Кыргыз ырларын ааламга таанытып жаткан мыкты акын эжебизге бекем ден соолук, ийгилик каалайбыз! Кыргызстанга бүгүн жакшы учуп келип алсын! Ак жол! Дүйнөлүк жана эл аралык фестивалдын жүрүшү тууралуу пресс-конференция да өткөрүп калаар…

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. АВТОРдон: «Дүйнөлүк жана Эл аралык поэзия фестивалдарынын чордонуна айланган, акындардын 1-Дүйнөлүк Конгресси өткөн Меделлин менен Каракас шаарындагы күндөр менен Инстаграмдан да таанышсаңыздар болот. Венесуеланын дагы бир символу Орхидея гүлдөрүнүн мекени экен»

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.