Амантай КУТМАНАЛИЕВ: «Мурда калыстар тобунда сөз чеберлери отурчу… Азырчы? Кээде карагандан уялам…»

Амантай КУТМАНАЛИЕВ: «Мурда калыстар тобунда сөз чеберлери отурчу… Азырчы? Кээде карагандан уялам…»
«АЙТЫШ КАРООЛОРУНДАГЫ КАРА КЫЛДЫ КАК ЖАРГАН КАЛЫСТАР тобу ТУУРАЛУУ» деген тема менен  Кыргыз Эл акыны, ак таңдай төкмө «Сары кашка» Амантай Кутманалиев «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:
… дагы бир нерсе эске тушүп кетти: «Устат төкмө акындардан калыстар тобуна отурууга болбойт!» деген, кээде зыяны тийбей койбогон «түбөлүк корутунду», «кайтпас салт» кайдан, эмнеден улам пайда болгонун эстей албай башым маң, акылым айран!
Болбосо, мен айтышка 89-жылдан баштап катышып келем, андагы айтыштарда академик, фольклор изилдөөчүлөрдөн, тарыхчылардан, даңктуу сөз чеберлери отурчу.
Анан албетте, сөзсүз, ар бир акындын кандай дем алганынан бери жакшы билген, чукулдан сөз таап, баурлар айтмакчы, «таман алдынан сууруп салып» айткан төкмөлүк (импровизациялык) ыкма деген эмне экенин толук түшүнгөн, төкмө акын агалардан сөзсүз «БИР ШТУК» отурчу. Мейли, калган сегизи, тогузу, ону, маданият адабият тармагындагы дөө-шаалардан болгону Сонун.
Анан дагы бир нерсе, ал кароого катышып өзү айтышуучу (конкурсант) калыстар тобун түзгөн комиссияга эч качан ой кошо алчу эмес. Ал жагын ал төкмө өзү деле акылынан туят да. Логикага да сыйбайт ал. Азыр деле акындар антишпейт, кээде болуп калбаса…
Кийинчерээк, кээде карагандан уялам, мурдагы, (албетте баары эмес, арасында эл сүйгөн белгилүү инсандар бар) бирок «ак куунун өтүндөй» болуп андайлар өтө сейрек. Физкультурник, ыр талдоо эмес, ычкырын араң байлаган чалдар, математик, айлыгы аябай аз болгонунан кадыр-колко салып кичине болсо да гонорар алып калайын деп кире калган илгерки бир «авторитеттер».
Кызыктар көп… кайсы бир жылы мени да чукул кошо калышканынан отура калсам, жанымда «бирөө»: «Тээтиги чыккан бала негизи кандай?… өңү түсү жакпайт ушу баланын.. Сен канча балл коесуң ыя, Саргашка?» ,-дейт. Кокуй! Акын балдардын өнөрүн баалабай, өңүнө карап баа берсек кандай болот?..
Дагы бир жердеги «бирөөлөрдүн» лексикондорунан: «Саргашка сен өтө эле честный боло бербечи, ал акының алып эле жүрбөйбү» ж.б. ж.б ж.б. лар. Калыс болгон киши кичине болсо да төкмөлүк, жамакчылык эмне экенинен түшүнүгү бар, ошону жон териси, жан-жүрөгүнөн сезген адам болуусу шарт эмеспи ээ?.
И баса, «Мени айтып аткан жокпу, бул Саргашка?» деп буга чейинки калыс болуп жүргөндөр шекшип коркпой эле коюшсун: Түкөм, Күкөм, Сукем, Анакем, Сакем жана башкалар. Мунун Сиздерге эч тийешеси жок.
Мейли, анда сөздү созбоюн, алдыдагы Ош калаабызда өтчү салттуу эгемендик айтыш жакшы өтсүн! Ийгилик, тулпар, шумкар, жаңы чуркаар балдарга! АНАНАЙЫНДАРЫМ АЛГА!!!
P.S. Амантай агабыз күлүп, сөзүнүн аягын минтип бүтүрүптүр: «Эмкиде Айтыш кароосунун көркүн чыгарып алып барган ак тандай, чечен алып баруучулар (ведущий) тууралуу жазайын. Мындай пост да керек кээде… сөз эркиндиги да азыр».  Ак сөз, Амантай ага! Калыстыкты сиздер айтпасаңыздар, кимдер айтат?
Даярдаган Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.