ВИДЕО — Курал Чокоевдин кызы «домигин» сатып, 6 жаштагы Алибектин операциясына акча которду…

ВИДЕО — Курал Чокоевдин кызы «домигин» сатып, 6 жаштагы Алибектин операциясына акча которду…

 Айгүл ТОГОЛОКОВА: «Элден айланса болот. Ыраазымын!»

6 жаштагы кичинекей балабыз Эсенбек уулу Алибекке тез аранын ичинде Түркиядан жүрөгүнө операция жасатыш керектигин, зарыл сумма 24 миң долларды түзгөнүн жазганбыз. Андан бери 17 күн өтүптүр…

Алибектин акын чоң апасы  Айгүл Тоголоковадан «Керек сумма чогулдубу?» деп тынчсызданып сурадык.

«Элден айланса болот, акча чогулуп жатат. Гүлжигит Калыков, Курал Чокоев, Нурлан Насип сындуу ырчыларыбыз да реакция кылып, постубузду бөлүшүп коюшуптур… Катталуучулары көптөр бөлүшүп койсо, кудайга шүгүр, ал да чоң жардам экен…

Курал иним кичинекей кызы менен чакай үй оюнчугун 10 миң сомго сатып, аны эсеп коруна которушуптур… тимеле ич жылыды…

Неберемдин ырыскысы бар экен, ушундай жакшы адамдардын колдоосу менен, кудайга шүгүр, каражат чогулууда… Кудай буйруса, аркы аптада Түркияга учуп кетишет. Жараткандын колдоосу, элдин батасы менен неберемдин операциясы ийгиликтүү өтөт деп ойлойм. Бар болуңуздар, айланайын калкым! Бизге кылган жакшылыгыңар Кудайдан эселеп кайтсын! Кыялдарыбыз, тилектерибиз ишке ашсын!» — дейт Алибектин чоң апасы…

ЖАШОО АГЫМЫ
Өмүр оттой жалын чачып «Жарк!»
этет,
Мезгил келсе токтобостон жалп
өчөт.
Турмуш — жолу өзгөрүлүп
тынымсыз,
Асман тирейт бойго жетип
тал көчөт.
Жашоо сени бой жеткирет,
өстүрөт,
Дайрасынан каршы-терши
кечтирет.
Сыноосуна оолуктуруп,
жоошутуп,
Көз ирмемде гүлдөй соолуп
кеч кирет.
Таңы атып, кайра болуп
караңгы,
Кут чачылып көрктөндүрөт
ааламды.
Кербен сымал улап көчү
токтобойт,
Калчап келет каалагандай
адамды.
АЙГҮЛ ТОГОЛОКОВА (31.10. 2023)
Кудайдын сыноосунда турган, экинчи жолу операция жасалчу Алибек балабыздын операциясы ийгиликтүү өтүп, Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишин Кудайдан тилейбиз!
Кыргыз журту эч качан наристелерге кайдыгер караган эмес. Колдон келген жардамыбызды аябайлы! Жок дегенде бөлүшүп коюңуздар, туугандар!
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.