ВИДЕО — «Мутакалим» мааракесиндеги мактоолор, сыйлыктар, мыйзамдар…

ВИДЕО — «Мутакалим» мааракесиндеги мактоолор, сыйлыктар, мыйзамдар…

Кечээ, 22-январда Бишкектеги «Novotel» мейманканасында дин тутуу эркиндигинин күнүнө жана «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин 25 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынын депутаты Динара Ашымова, БУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве, Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Гүлназ Исаева, Акыйкатчынын бөлүм башчысы Бурул Турдуева, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Равшан Эратов, Кыргызстан жана Бишкек епархиясынын, Кыргызстан католикалык чиркөөсүнүн өкүлдөрү катышып, сөз сүйлөп, «Мутакалим» коому менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткандарын жана бул коом 25 жыл аралыгында бир топ ийгиликтерге жетишкендиктерин баса белгилеп, мааракеси менен куттукташты.

Динара АШЫМОВА: «Мен көпүрө болуп берем»

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Гүлназ Исаева «Мутакалим» коомунун жетекчиси Фронтбек кызы Жамал айымга министрдин Ардак грамотасын тапшырса, депутат Динара Ашымова 25 жылдан бери Жамал айым алгылыктуу иш алып барып, диний сабаттуулукту жогорулатууга зор салымын кошуп келатканын, зордук-зомбулукка кабылган аялдардын укугун коргоп, кайрымдуулук иштерин жасап келатканын баса белгилеп, ага Ыраазычылык каты менен «Өлкөгө өмүрүн арнаган инсан» төш белгисин тапшырды. Ошондой эле ага зордук-зомбулукка кабылган дин тутунган аялзаттарынан көп каттар келип жатканын баса белгилеп, бул боюнча Муфтий алдын ала чара көрүшүн иш-чарага келген өкүл Равшан Эрматовго кайрылып, бир топ сунушун айтып, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча мыйзамга Жогорку Кеңеш менен аларга көпүрө болуп берерин билдирди.  

Винера РАИМБАЧАЕВА: «Дин эркиндигинин негизги компонеттеринин бири — дин абалы»

Динара айымдын кесиптеши, депутат Винера Раимбачаева дагы Жамал айымды 25 жылдык юбилейи менен куттуктап, чогуу чаран иш алып барып жатканын, алардын кылып жаткан иштери өтө маанилүү жана келечек муунга үлгү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле ал дин эркиндигинин негизги компонеттеринин бири – дин абалы, Кыргызстанда дин өтө маанилуу орунду ээлерин билдирди.

Расул АБАЗБЕК уулу: «Дин — бул ажыратуу эмес, бириктирүүчү фактор»

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу «Мутакалим» фонду 25 жыл ишмердүүлүгүндө аялдардын, балдардын диний саабаттуулугун жогорулатууга чоң жардам көрсөткөндүгүн баалап келишкенин жана баалай берише тургандыгын айтып, алардын милдети диний сабатсыздыкты жоюу экендигин баса белгиледи. Ошондой эле ал дин — бул ажыратуу эмес, бириктирүүчү фактор экендигин, ушундай маселеге келгенде адамдар зирек, сергек болушу керектигин айтып, кандай иш жүргүзүп жаткандыгы боюнча учкай айтып өттү. Айтымында, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-декабрында “Ислам академиясы” мекемесин түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койгонун, аталган академия теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатта түзүлгөнүн жанан президенттин жарлыгынын негизинде алар мыйзамдык факторлорду карап жаткандарын билдирди.

Равшан ЭРАТОВ: «Адамдар диний баалуулуктардан да дүйнө буюмун ашыкча сүйүп баратышат»

Иш-чара үч багытта өттү. Биринчиси — «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин 25 жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу; Экинчиси – дин тутуу боюнча өз ишмердүүлүгү жөнүндө доклад; үчүнчүсү — суроо-жооп, сунуш.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Равшан Эратов өз докладында өлкөбүздө башында 39 мечит болсо, азыр үч миңден ашуун мечит, жүздөн ашуун медреселер ачылганын билдирип, өлкөнүн эгемен тарыхында кабыл алынган диний концепцияларга токтолду. Алардын биринде негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо.

«Мутакалимдин» сыйлыгына ким ээ болду?..

Иш-чаранын аягында Фронтбек кызы Жамал айым ар дайым өзүнүн миссиясына жана баалуулуктарына ылайык — коомдо диалог түзүүдө, аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо кызмат кылып келген «Мутакалим» коому 25 жылдан бери Кыргызстандагы  аялдардын укуктарын коргоо жана алдыга жылдыруу жаатында үзгүлтүксүз иштеп, алардын жарандык активдүүлүгүнүн идеясын колдоп, светтик демократиялык мамлекеттин өнүгүшүнө көмөк көрсөтүп келатканын баса белгилеп, конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле ал Писнексус коомунун Кыргызстандагы жетекчиси Чынара Эсенгул кызына «Мутакалим» коомунун сыйлыгын тапшырды. Айтымында, бул сыйлык ар кыл диний конфессиялардын ынтымагына салым кошкон, Кыргызстандагы диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатын ишке ашырууда алгылыктуу иш алып баргандарга (жыл сайын) тапшырылат.
«Мутакалим» коомунун 25 жылдык мааракеси менен, Чынара айымды сыйлыгы менен куттуктайбыз!

25 жылдагы ийгиликтери

Мыйзам жана майрамдар…

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган өлкө экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 3,5 миңден ашуун диний уюму каттоодон өткөн. Үч миңден ашуун мечит, жүздөн медресе, ондон ашуун ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны — 400, калгандары башка диндерге таандык.

Мусулмандардын эки майрамы — Курман айт жана Орозо айт, христиандардын Рождество майрамы кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү деп бекитилген. Мындан тышкары, Пасха да белгиленет.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Иш-чарадагы көз ирмем жана «Мутакалимдин 25 жылдагы ийгиликтери тууралуу ВИДЕО «Мутакалим» коомуна таандык. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.