Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров 31-январда акыркы сапарга узатылат (Дарек)

Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров 31-январда акыркы сапарга узатылат (Дарек)
СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү, Кыргыз эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында көз жумду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзу билдирди.

Баскан жолу, өткөн доору…

Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган.
1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн соң мугалим болуп иштеген.
1965–1970-жж. Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары болуп эмгектенген.
1970–1971-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы,
1971–1979-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары,
1979–1985-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору,
1985–1988-жж. «Мектеп» басмасында бөлүм башчы,
1988-жылдын август айынан «Адабият» басмасынын башкы редактору, 1992–1998-жж. ушул басманын директору,
1998–2005-жж. «Акыл» акционердик коомунун төрагасынын орун басары – «Кыргызстан» басма үйүнүн башкы редактору болуп эмгектенген. Алгачкы аңгемелери студенттик жылдарда жарыяланган. 1978-жылы «Жаштык рапсодиясы» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Л.Толстойдун “Кумурска менен көгүчкөн” (тамсилдер), Х.Р.Хименестин “Платеро жана мен”, О.Н.Шестинскийдин “Блокада новеллалары” (аңгемелер жана новеллалар), Арпад Генц “Майдан” (новеллалар, эсселер, пьеса) которгон.
2004-2007-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген.
Сыйлыктары:
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. СССР «Басмасынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери», «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу», 3-даражадагы «Манас» ордени ардактуу наамдарынын ээси.
Жарык көргөн китептери:
“Жаштык рапсодиясы”, “Жинди сабыр”, “Канталамай”, “Чоң энемдин жомогу”, “Алмалуу бак”, “Алчалуу төр”, “Көкөй кести”, “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, “Барымта” ж.б. аңгеме, повесть, романдары кыргыз тилинде, “Сказки моей бабушки”, “Расподия молодости” “Герои эпоса “Манас”, “Верблюд и мышь” “Азарт”, “Детство в годы изгнания”, башка тилдерде “Энемиң эртекилери”, “Катагонда утган болалик” китептери орус тилинде жарык көргөн.
КР Улуттук жазуучулар союзунун Президиумунун жана Башкармалыгынын мүчөсү Мелис Абакировдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
**
«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.