Ар бир жаран үй ала тургандай Жарлыкка президент кол койду. (Шарттары. Дареги)

Ар бир жаран үй ала тургандай Жарлыкка президент кол койду. (Шарттары. Дареги)

Элге жаккан Жарлык

Президент Садыр Жапаров элди социалдык батирлер менен камсыз кулууну жөнгө салууга багытталган Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчы 30-январда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал толугу менен төмөндө:
— Урматтуу кыргызстандыктар!
Элди социалдык батирлер менен камсыз кулууну жөнгө салууга багытталган жаңы Жарлыкка кол койгондугумду жарыялоо менен бирге, анын максаттарына токтоло кетейин.
Буга чейин батирлерди мамлекеттик кызматкерлерге Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу узак жылдарга берип келген болсок, эми мындан ары бардык жарандарды – мигранттар болобу, базарда иштегендер болобу же башка тармактарда болобу, айтор, бардык катмарды камсыз кылганга аракеттерди баштадык.
Биз азыркы убакта кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге 20-25 жылга чейин ипотекалык үйлөрдү берип жатабыз.
Эми мындан ары мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз үлүштүк катыш менен батир ала алгыдай шарттарды түздүк.
Ал кандай шарттар?
Мисалы, батир алууну каалаган жаран батирдин жарым баасын алдын ала төлөп, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат.
Батирдин жарым баасын төлөгөндөн кийин бир, же эң көп дегенде эки жылда өз батирине ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Менин МИКке койгон талабым ушундай!
Эмне үчүн?
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кечээ жакында алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүштүк катыш катары чогултуп алып, же батирден жок, же акчаларын кайтарып бере албай качып жүргөндөрүн көрүп, ушундай чечимге келдим.
Мындан ары жарандардын батир алуу маселесин МИК аркылуу мамлекет колго алабыз.
“Мамлекеттик кызматкерлерге берген эле шарттар менен баштапкы төлөмү жок эле берсе болбойбу” деген суроолор жаралышы мүмкүн.
Бүгүнкү күндө үйлөрдү массалык түрдө курууга мамлекеттин күчү жетпей жатканын ачык айтышым керек. Ошондуктан азырынча үлүштүк катышка мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбызга жогорудагыдай шарттар менен берип туралы.
Бир убакта бардык жарандарга:
мейли мамкызматкерби, же жөнөкөй жаранбы бирдей шарттар менен 20-25 жылга алдын ала төлөмү жок эле батир берген мезгилге да жетебиз. Сабыр кылып туруңуздар.
Келечекте үйгө муктаж болгон жарандарыбызды камсыз кылуу үчүн өлкөнүн бардык аймактарында:
40 район борборунда, 32 кичи шаарда, 7 облус борборунда МИК аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери башталат.
Биз айдоо жерлерибизди сакташыбыз кажет.
Жер там салып туурасынан эмес, көп кабаттуу турак үйлөрдү куруп, бийиктикке карай өсүшүбүз абзел. Кыргызстан – тоолуу өлкө. Ансыз да түздүк жерлерибиз аз. Дүйнөдө адам саны өсүп, жер тарып баратканы баарыбызга маалым.
Тамак-аш коопсуздугубузду жана келечек муунду да ойлойлу.
Төмөндө азыркы учурда курулуп жаткан жана курулушу баштала турган үйлөрдүн даректери:
“МИК” ААК программасы боюнча курулуп жаткан объектилер тууралуу маалымат.
Бишкек ш. Скрябин көч. 45-45а
15 кабаттуу 7 үй. Жалпы 549 батир
Бишкек ш. Ч.Айтматов көч. 102/1-2
18 кабаттуу 6 үй. Жалпы 620 батир
Бишкек ш. Маликов көч. 91
Көп кабаттуу 39 үй
Анын ичинде 11 үй 28 кабаттуу, 17 үй 24 кабаттуу жана 11 үй 18 кабаттуу.
Батирлердин жалпы саны 5050
Ош ш. Набережная көч 3.
9 кабаттуу 2 үй. Жалпы 192 батир
Ош ш. Аэропортко кеткен жол. 9 кабаттуу 103 үй. Жалпы 4986 батир
Жалал-Абад ш. Курманбек көч. 135
9 кабаттуу 7 үй. Жалпы 639 батир
Жалал-Абад ш. Манас көч. 144
9 кабаттуу 6 үй. Жалпы 450 батир
Жалал-Абад облусу, Сузак р., Ленин айылы, Н.Порошай көч. 9 кабаттуу 4 үй.
Жалпы 945 батир
Жалал-Абад облусу, Сузак айылы, Юнусов көч. 5 кабаттуу 7 үй. Жалпы 240 батир
Нарын ш. Молдоев көч. 9 кабаттуу 4 үй.
Жалпы 216 батир
Талас ш. 9 кабаттуу 9 үй.
Жалпы 504 батир
Чолпон-Ата ш. 9 кабаттуу 103 үй.
Жалпы 4986 батир
Каракол ш. Карасаев көч. 9 кабаттуу 103 үй.
Жалпы 4986 батир
Баткен облусу, Аксай, Кулунду айылдары
76 жер там
Суроолор менен МИКке кайрылыңыздар.
МИКтин дареги — Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспектиси ½
Телефондору — 0772 98 89 01, 0552 98 89 01 же болбосо 0553 98 89 01 (вотсап)
МИКтин сайты — www.gik.kg
Эске сала кетсек, мамлекеттик ипотека компаниясы (МИК) өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатта 2015-жылы түзүлгөн.
Даярдаган Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.