«Биз Тууну өзгөрттүк, эми гимнди да өзгөртүшүбүз керек!» деп спикер Нурланбек Шакиев айткандан бери (29-октябрдан), өзгөртүүгө себепчи «жүйөлөрдү» келтирген ал сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууланууда… жана коомчулукта каршы пикирлер басымдуу айтылууда… Эл пикири менен эсептешишеби… анысы кайдан… Президентибиз: «Ар бир чечимим жети эмес, жетимиш өлчөнүп, бир кесилет» деди эле, «жетимиш өлчөнүп» чечилип калса, айлабыз канча… Анткен менен жарандык пикирлерде деле жамандык жок. Бийлик адамдарынын «таа-та-та-таң», «мурчание, а не песня» деген пикирлери менен эле чектелбей, калыс пикирлерди деле угуп коёлу…
«Олуттуу себептерди көргөн жокмун»
Ар дайым калыс сүйлөп, кеби да, иши да түз, курч, мурч жазган журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболотовго «Биздин гимнибиз сага жагабы? Дегеле аны өзгөртүүгө негиз барбы?» деп кайрылганыбызда, мындай деп жооп берди:
— Кеп гимндин, гербдин же туунун кимдир бирөөгө жаккан-жакпаганында эмес. Кеп мамлекеттик символиканын туруктуулугунда. Эгерде өтө олуттуу себептер болбосо улам-улам алмаштыра берүү мамлекеттик символиканын кадыр-баркына зыян келтирет.
Азырынча андай олуттуу себептерди көргөн жокмун. Эгерде мамлекеттин бийлик бутагындагы жетекчилер идеологияны түп-тамырынан бери жакшы жагына өзгөрткүсү келсе, жасай турган башка иштер толуп жатат.
«Ар бир кыргыз бул гимнди ырдай албайт»
Эске сала кетсек, 29-октябрда Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара өткөн.
Спикер Нурланбек Шакиев андагы сүйлөгөн сөзүндө мындай деп айта кеткен болчу:
— Биз Тууну өзгөрттүк, эми Гимнди да өзгөртүшүбүз керек. Себеп дегенде, Гимн кабыл алынганда Советтер Союзунун курамынан чыгып, алгачкы азаттык кадамдары болгон. Ырдаганга дагы оор. Ар бир кыргыз бул гимнди ырдай албайт. Бул марш. Ошон үчүн бул Жогорку Кеңештин укугу, милдети. Биз жакында гимнди өзгөртөбүз. Учурунда биздин бир президентибиз, анын атын айтпай эле коёюн, бир чет өлкөгө барды дейт. Ошондо биздин гимнди ырдаганда, «таа-та-та-таң» дегенде дарактагы куштар учуп кетти дейт. Анан ошол тосуп алган өлкөнүн гимни ырдалганда куштар сонун болуп кайра конуп калды дейт.
Президент эмне дейт?
Кечээ, 30-октябрда, президент Садыр Жапаров гимнди алмаштырууну колдой турганын билдирди…
Гимнибиз 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган эле…
Назира СААЛИЕВА