Журналистиканын башаты
Азыркы журналистиканын башаты 1924-жылдын 7-ноябрында башталган. Дал ушул күнү «Эркин-Тоо» гезитинин алгачкы саны жарык көргөн. Учурда тун гезитибиздин 100 жылдыгы белгиленүүдө…
Бүгүн (7-ноябрда) президент Садыр Жапаров Маалымат жана басма сөз күнү, журналисттердин кесиптик майрамы менен куттуктады:
— Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Туура, так, калыс маалымат менен камсыз кылуу аркылуу аң-сезимдүү коом курууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу абдан маанилүү. Бул өңүттөн алып караганда мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатты, жасалып жаткан иштерди калың элдин катмарына жеткирүүдө сиздердин кызматыңыздардын орду баа жеткис.
Сиздер аркалаган кесип ар бир сөзгө маани берүүнү, далилдерге кылдат токтолууну, калыстыкка өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Себеби, жарыяланган ар бир маалымат, ар бир уктуруу, ар бир репортаж, керек болсо ар бир кабар бир эле жарандын дүйнө таанымына таасир этпестен, бүтүндөй бир коомдук пикирдин түзүлүшүнө да чоң салым кошот, болуп жаткан окуя боюнча элдин сезимин козгойт.
Урматтуу журналисттер!
Сиздерди бүгүнкү кош майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Баарыңыздарга чыгармачыл эргүү, кенен ой-чабыт каалайм жана ишиңиздерди албан-албан ийгиликтердин коштоосуна тилектешмин!
Жалаң «Ж»…
Мына, ушундай жакшы сөздөрдү, куттуктоолорду 1-ноябрдан бери угуп жатабыз.
Басма сөздүн 100 жылдык мааракесине карата далай акындар ыр жазып жөнөтүп жатышат. Жалаң «Ж» тамгасы менен жазылган куттуктоо куржунубузга келип түштү. Аны Талас облусунун Талас районундагы Арал айылынын тургуну, элет акыны Мирлан Жакшылык уулу жазып жөнөтүптүр. Анда эмесе, чогуу кулак салалы, кесиптештер!
Жакшысыздарбы, журналисттер, жумурай журтубуз,
Жергебизде жашаган журт жалпыбыз.
Жылоолойлу жакшылыкты жаңылап,
Жазылсынчы жандүйнөдөгү жарпыбыз.
Журналистика жүз жылды жандап жашады,
Жүз жылда жеткиликтүү жаңылыкты жасады.
Жергебизде жалындуу, жигердүү жарандар,
Жалпы журттун жаркыраган жумушуна жарады.
Журналисттерге жакшы жышандарды жылоолойлу,
Жадырап жыргалда жашашсын, жаңырып жашоолору.
Жалаң жаңы, жагымдуу жаңылыктар жазылсын,
Жараткан жалаң жакшылыктарды жолдосун.
Жалындаган жолборс жүрөк жаштар жетилсин,
Журналисттик жолдо жемиштүү жыйынтыкка жетишсин.
Жергебизде жигердүү жумуштарды жасашып,
Желегибиз жогору жакка желбиресин.
Мирлан ЖАКШЫЛЫК уулу
Даярдаган Гүлгаакы ЖАКЫПОВА