Токтосун Самудинов жогорку адабий курсуна окутуучу болуп бардыбы?..

Токтосун Самудинов жогорку адабий курсуна окутуучу болуп бардыбы?..

Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун үлгүсүндө, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун базасында акын, жазуучу, сынчы, котормочуларды даярдай турган эки жылдык жогорку адабий курсунда кечээ  Кыргыз эл акыны, пародист Токтосун Самудинов конокто болуп, ал жерде билимин тереңдетип жаткан акын-жазуучулар менен аңгемелешип, кеп-кеңешин берди.

Бул тууралуу акын Айгγл Тоголокова билдирди. Айтымында, Токтосун агабыз айтылуу акындар Салижан Жигитов, Омор Султанов, Мидин Алыбаев жана Табылды Мукановдун басып өткөн жолдорун, эмгектерин тереңдетип айтып берип, өзγнγн пародияларын, алгачкы ырларынан окуп берген.

Султан РАЕВ: «Токтосун Самудинов — акындын аристократы»

Токтосун агай — акындын аристократы, ой уюгу, Эзоп тилдүү, генинде маданият, дээринде кыргыз жашаган Адамгерчилиги бийик инсан. Кыргыз Адабиятынын байчечекейи, Агартуучу»- деп Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев бекеринен баа бербесе керек. Чындап эле агайыбыз балдар адабиятынын өсγп-өнγгγшγнө чоң салым кошкон залкар акын. Биз менен маектешүү кызыктуу өттγ. Жогорку адабий курс учурдун талабына ылайык ачылганын, аны колдоо керектигин баса белгилеп, баа жеткис кеңештерин, каалоо-тилегин айтып, демибизге дем, шыгыбызга шык кошту”,- дейт Айгγл Тоголокова.

Гγлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.