«Жылкычы чымчык»… Кино-той… Бегалы Наргозуев… Жаналы Нурманбетов…

«Жылкычы чымчык»… Кино-той… Бегалы Наргозуев… Жаналы Нурманбетов…

«Кинобилермандардын баасын алдык»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Кыргызтудей» сайтынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, жеке ишкер, эми кинорежиссер Бегалы Наргозуев агабыздын Жылкычы чымчык тырмак алды тасмасы отуздан ашуун мамлекеттеги киносынактарга катышып, баарын жеңип келди. Кубанган агабыз «Фейсбуктагы»  баракчасына төмөндөгγдөй билдирүү калтырды:

Биз үчүн 2024-жыл жемиштүү аяктады. “Жылкычы чымчык” тасмабызды дүйнөнүн көп өлкөлөрүндөгү кинобилермандарга көрсөтүп, баасын алдык.

«Кинону качан көрсөтөсүн?”, “Сыйлыктарды качан жууйсуң?” деген досторго, туугандарга, кесиптештерге, «эки иштен бир иш” дегендей, кинону көрсөтүп, талкуулап, кино-той өткөрүп элдин батасын алдык.

Баарыңыздарды кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Жаңы жылда сиздерди жаңы ийгиликтер коштосун!

«Бегалы дүйнөгө таанымал киноишмер даражасына жетти»

Бегалы агабыздын кино-тоюна катышып, тасма боюнча пикирин айткан, чыныгы таланттарды баалаган, сөз баккан журналист Жаналы Нурманбетов агабыз мындай  дейт:
… Бегалы Наргозуев Кош-Дөбө мектебинде окуп жүргөндө гезитке тынбай кабар жазып турчу. Ал кезде азыркы Аксы райондук «Жаңы турмуш» гезитинде жооптуу секретарь элем. Жаш калемгерлерге моралдык да, практикалык да колдоо көрсөтүп, жөлөп-таяп, гезитте тематикалык беттерди уюштуруп, мектеп окуучуларынын кат-кабарларынан, ырларынан төрт сап сап болсо да (!) жарыялап турчубуз. Мисалы, азыркы таанымал акын Айтмырза Абылкасымов агай Бегалы окуган мектепте мугалим эле, адабий ийримдин мыкты делген авторлорун райондук гезитке жөнөтүп турчу.
Бегалы айылдык активдүү кабарчы катары басма сөз күнүнө карата ар жылы райондук гезиттин редакциясынын сыйлыктарын алып жүрдү. Ал сыйлыктар Бегалынын кийинки чыгармачылык узак жолундагы жетишкен ийгиликтеринин төлбашы болгон десек болот.
1978-жылы мектепти бүткөндө, КМУнун журналистика бөлүмүнө окуганга райондук гезиттин редакциясынын жолдомосун өз колум менен жазып бергем. Бегалым кийин басма сөздө, кино жаатында болсун, саясатта, бизнесте, коомдук иштерде болсун, өзүн ар тараптан көрсөтө алды.
Мына, бүгүн минтип дүйнөгө таанымал киноишмер даражасына жетип отурат! Бегалынын толук метраж «Жылкычы чымчык» фильми эл аралык фестивалдарда 35тен ашык байгелүү сыйлыктарга ээ болуп, дүйнөнүн көрүнүктүү кино ишмерлери тарабынан жогорку баа алып турган учуру!.
(«Жылкычы чымчыктын» сценарийин жазгандар: Бегалы Наргозу, Кубатбек Жусубалиев, Марат Сарулу, Актан Арым Кубат, Жамбы Жусубалиева.
Оператору: Хасан Кыдыралиев).
2024-жылдын 25-декабрында «Айкөл Ордо» этнокомплексинде өткөрүлгөн «Жылкычы чымчык» кечесинде Бегалы инибиз, «чыгармачылыгымдын башатында алгачкы батасын берген ушу акем болгон» деп тааныштырып, Жакеңердин сөөгүн бир агартып койгонуна миң бир ирет жетине албай турам!.

Афиза эжебиздин эмгеги…

Биз дагы Бегалы байкенин ийгилигине жетине албай, кубанып турган чагыбыз. Төлбашы тасмасынын «тушоо тою» менен куттуктайбыз! Албетте, ар бир ийгиликтүү, кыйын мырзанын артында кыйын аялзаты турат дегендей, агабыздын ар бир жакшылыгында, ийгилигинде жанында болгон жаркын жары Мырзапаязова Афиза эжебиздин да эмгегин баалап коюшубуз керек. Артта тыл бекем болбосо, ийгиликке жетγγ бир топ эле кыйын. Аның сыңары, «Жанбирге аялзаты, өмүргө сүйүү берген, үйүбүзгө кут болгон, акыл кошоор кыт болгон, жашоонун маани-маңызы, эскирбеген жаңысы» деп жолдошум  Эрнис (Асек уулу) жазгандай, агабыздын акылына акыл, эмгегине эмгегин кошуп жанбиргеси жанында болду…
Байке, эже, ийгиликтердин ашуусун бирге ашып, Алла тааланын назарында, бакыттын базарында болуңуздар. Кыз-уулдарыңыздар Амантур, Эсентур, Дайананын сый-урматын көрγп, жакшылыктын гана γстγндө жγрγңγздөр. Башыңыздар кемибесин! Көп небере, чөбөрөлγγ болуңуздар! Кудай буйруса, чыгармачылыктын жемиши катары алдыда далай «тематикалык» тойлордун күбөсү бололу…
Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.