«Жакшылыктар жумалап жаасын жамгырдай…»

«Жакшылыктар жумалап жаасын жамгырдай…»

Жалаӊ «Ж»

Жыл жаңырарына саналуу гана сааттар калды. Балык жылын узатып, Жылан жылын тоскону турабыз. Талас облусунун Талас районундагы Арал айылынын тургуну Мирлан Жакшылык уулу кыргыз элин 2025-жылдын кирип келиши менен жалаӊ «Ж» тамга менен куттуктоосу куржунубузга келип түштү.

Жакшысыздарбы!
Жергебизде жашаган жашоочулар,
Жакындарын жарышта жандоочулар.
Жумуштарын жактырып жасагандар,
Жол жүрүп жүргөн жана жолоочулар.

Жакшы жатасыздарбы жумурай журтубуз,
Жергебизде жашаган журт жалпыбыз.
Жылоолойлу жаңырган жаңы жылан жылда,
Жакындарга жакшылыкты жаңылап,
Жазылсынчы жаңырып жан дүйнөдөгү жарпыбыз.

Жаңы жылда жалаң жакшы жышаандар жарышсын,
Жакшы жаңылыктар жергебизде жаңырсын.
Журт жетекчилер журт жагдайын жакшылап,
Журналисттер жагымдуу, жандуу жаңылыктарды жазышсын.

Жакшылыктар жумалап жаасын жамгырдай,
Жаш жолборстор жаатташканын жеңсин жазгырбай.
Жаңы жылаажындай жеткинчектердин жаңырыгы жаңырып,
Желегибиз жогору жакка желбиресин жалбырттап.
Жергебиздеги жалпы журтка жаңы жылан жылда жалаң «ж»дан жакшылыктарды жылоологон жергебиздин жөпжөнөкөй жигити Жакшылык уулу Мирлан 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.