Жыл жаңырарына саналуу гана сааттар калды. БАЛЫК жылын узатып, ЖЫЛАН жылын тоскону турабыз. 2025-жыл — жакшылыктын жылы болсун!
Биз сыйлап-урматтаган мыкты журналист, акын, котормочу Жыргалбек КАСАБОЛОТтон жапжаңы ыр.
Жаңы жыл
Бүт Бишкекке салтанаты чачырап
Бүгүн түндө кайра салют атылат.
Баары күткөн бул майрамга көнүмүш
Бала-чака камданууда бапырап.
Жетелешип жигит менен кыздары
Жер бетинде жашоо бүтпөйт тыштагы.
Кара жолун карап турам көчөнүн
Кадимкидей кар жаабаган кыштагы.
Таарынышпай калыш үчүн катарда,
Тагынабыз жан дүйнөгө жасалга.
Таттуулардын сүрөтүндөй бул заман
Тамыры жок балатыдай жасалма.
Туйлай албай илгеркидей жүрөгүм,
Туйбасам да бул майрамдын илебин
Дал төбөмө сейрек түшкөн кар өңдүү
Дагы бир чач агарганын билемин.
Элди аралап, Аяз Ата тон кийген,
Эшиктерден кут, береке мол кирген,
Эмнегедир Жаңы жылда, дүйнөнүн
Эскиргенин сезе түшчү болдум мен…
Жыргалбек КАСАБОЛОТ