Эрнис АСЕК уулу: «Афинанын ырларын күзгү желге дирилдеген бариктердей көрдүк»

Эрнис АСЕК уулу: «Афинанын ырларын күзгү желге дирилдеген бариктердей көрдүк»

АРХИВ: «Афина кудай эмес, периште…»

«Афина — Афина шаары эмес, Афина кудай эмес, периште…» деп Алик Акималиев акын тирүү болгондо ушинтип жазат беле, ким билсин… Биз анте албайбыз. Ырларын күзгү желге дирилдеген бариктердей көрдүк. Өмүрлүк жолдошу — журналист, мыкты акын, сөз баккан Кубанычбек Зайнидинов экенин Билебиз. Атасы кыргызга бир жаралган акындардын бири Карбалас Бакиров экенин билебиз. Афинанын ырларын сурап алып, анын дирилдегенине кулак төшөп олтуруп калдык…»
Эрнис АСЕК уулу,
«Баягы Асаба», 2015-жыл

«Жылуу акын»

«Кишини турган-турпаты менен жакшы көрүш мүмкүн эместей сезилчү. Бирок Карбалас Бакиров акынды турган-турпаты менен жакшы көрөм. «Ырда «халтура» болбош керек» деп Гумилев айтты беле? Бу кишинин ырын кой, кишилигинде «халтура» жок. Ыраматылык Алик Акималиев кыргыз акындарын Рубцовго, Кузнецовго жана башка дүйнөлүк акындарга салыштырган адаты бар эле. Кадимки Карбаласты да бирөөгө салыштырчу. Унутуп калдым. Бирок Алик байкеме айтчу элем: «Ушул салыштырганды койбойсузбу?!» деп. Ал эми Карбалас Бакировду эч кимге салыштырууга болбойт. Бир гана өз аты-жөнү жарашат.
Байке экөөбүз ээрчишип көп жүрдүк, көп сүйлөштүк. Эстесем, жылуулукту гана сезем. Кыйкырган ырлары да жылуулукту айтат, жылуулуктун табы келет. «Жылуу акын» десем да жарашат. «Алтымышка чыкты» десе, ишенбедим. Кеп жашта эмес да. Кеп кебинде, кеп болгон ырында, жылуулук тартуулаган жандилинде, жаш баладай кыялында, жарык чачкан турпатында. Карбалас акынды турган-турпаты менен жакшы көрөм: өзүн да, ырын да, сөзүн да, «чырын» да… Килейген тарыхты бир сапка батырып койгонуна таң берем. Адам дүйнөсүн бир сөзгө батырып койгонуна жакамды кармайм. Жараткан бир жаратат окшобойбу. Бар болуңуз, Карбалас акын! Бар болуңуз!»

Эрнис АСЕК уулу («Баягы Асаба». 2014-жыл)

Мыкты атанын мыкты кызы…

«Бу кишинин ырын кой, кишилигинде «халтура» жок» деп жогоруда жолдошум жазгандай, кызы Афинада дагы «халтура» жок, адамгерчилиги бийик, ыймандуу, акылдуу жан экен.

«Байымсыз 5 жыл» деп кайгырып отурсам, бизге арнап ыр жазып, кечээ «Фейсбукка» жарыялаган экен. «Сиз тууралуу Афина жазыптыр» деп болгон тааныштар алтын кыздын ырын менин Вотсабыма салышты.

Ар бириңиздердин эскерγγңγздөр, ырларыңыздар баалуу… ар бириңиздердин жазганыңыздарды жашык жаным ыйлап окуйм… Баарыңыздардын эскерγγңγздөр “Эрнис Асек уулу” аттуу китепке кирди. Бул китеп да буйруган кγнγ чыгып калаар…

Афина, «…Ырларын күзгү желге дирилдеген бариктердей көрдүк» деп Эрнис байкең жазгандай… Афина ырдын кандайча жазылып калган тарыхына да токтолуптур…

Назира СААЛИЕВА

«…Эңсегенди күтпөй кетти эр жигит…»

Мындан бир жыл мурун Эрнис ага жөнүндө гезитке эскерүү берейин деген ниетте Назира эжени баарлашууга чакырдым. Экөөбүз эртең мененки саат 10дордо чайканалардын биринде жолуктук. Назира эже: «Бүгүн Эрнисимди жерге берген күн» деп ыйлап жиберди. Мен билген эмес элем, маегибиз өзүнөн-өзү ошол күнгө туш келиптир. Эже менен кечке маал болгончо 6-7 сааттай сүйлөшүп отурдум. Эженин көз жашына жуулган маектешүү болду…
Сүйлөшүп бүткөндөн кийин, Назира эженин айткандары эсимден такыр кетпей, абдан кыйналдым. Оорлошом, жанымды коерго жер таппайм… Бир жумадай ушундай абалда жүрдүм. Бир күнү кечинде, редакциядагылар үйлөрүнө кеткенден кийин, ушул ырды жаздым, ашып кетсе жарым сааттай убакытта жазылды.
Агабыз Эрнис Асек уулуна жана жубайы Назира Саалиева эжеге арналат.
Көздөрүңдөн бөлөк — бөлөк жаш кетет,
боосун үзгөн көк шумкардын зайыбы.
Бет отуңда тырмагыңдын тагы өчпөй,
чачың сенин бир өмүргө жайылуу.
Асыл эрдин колун жаздап уктаган,
багы тоодой жан элең го, зилдейсиң.
Жети жылың — жетимиш жыл жетпеген,
канышадай өткөргөнүң билбейсиң.
Аппак сүйүү, аялдык бак кимдердин
кийилгенин татынакай башына
болжош кыйын… эрдүү аял таажылуу
көрүнөт бейм карысына, жашына.
Ак жолтой да, ырайымдуу беле анда?
Үйдүн жаңгак багы жапкан чатыры…
Дөөлөт күтүп чайпалгандыр бейкүнөө,
жоолугуңдун агыш нурдай чачыгы…
Шамалынын шаңгыраган чачпагы,
көпөлөгү көкөлөгөн бактылуу.
Бул дүйнөнүн ак пейил бүт таштары,
бул дүйнөнүн бүт суулары Ак сулуу.
Саратанда, көктөмдө көк шоолалуу,
ак жибеги сампарлаган кышында.
Жетелешип күйөөң менен жөө учуп
кетчү белең шол мезгилдин кушундай?
Мамилени экөөңөрдөй ким баккан?
ак булуттай аппак, аппак, эң бийик.
Алтын бешик, жез коңгуроо эңседиң,
Эңсегенди күтпөй кетти эр жигит…
Көздөрүңдөн бөлөк-бөлөк жаш кетет,
Боосун тыткан көк шумкардын зайыбы.
Бет отуңда тырмагыңдын тагы өчпөй,
чачың сенин бир өмүргө жайылуу…
Афина БАКИРОВА (29.01.2025)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.