Айыпсыз абакта жаткан айымдын каты… Анда эмне жазылган?..

Айыпсыз абакта жаткан айымдын каты… Анда эмне жазылган?..
Эркин журналист Канышай Мамыркулова абактан жазган катын Аманбол Бабакулов социалдык тармактарга жарыялады. Анда мындай деп жазылган:
Урматтуу кыргыз элим!
Чек ара меники же башканыкы эмес, жалпыбыздыкы. Мен кылмыш кылганым жок. Мен принцип деген сапатты, элди, элдүүлүктү, жерди сактайлы деп пикир билдирдим.
Кудай алдында, бабам Токсаба төрөнүн алдында, элдин алдында айыптуу эмесмин«
Сый-урматым менен, Канышай МАМЫРКУЛОВА
***

Кечээ… Бүгүн…

Кечээ (20-мартта) кесиптешибиз Канышай Мамыркулованы милиция кызматкерлери кардар катары үйүнө барып, күч менен алып кетишкени…. кийинчерээк Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) «массалык башамаландыкка чакырыкка» жана «улут аралык кастыкка» шектелип кармалганы, ага соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык («Массалык баш аламандыктар») иш козголуп, Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын маалымдаган. Адвокат Нурбек Сыдыков 48 саатка камакка алынганын билдирген.
Милиция тарабынан кесиптешибизге мындай коюлган айыпка журналисттер, айрым саясатчылар, акын-жазуучулар макул эместигин билдирип, кесиитешибиздин ден соолугуна, жалгыз кызынын абалына тынчсызданып, үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Алар (алардын ичинде мен да бармын — авт.) бүгүн, 21-мартта президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго кайрылуу жолдошту.
Назира СААЛИЕВА
P.S. Кесиптешибиз Канышай Мамыркулованын камалышы туура эмес болгону боюнча алдыда дагы сөз болмокчу.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.