Бишкекте жаш жесир келиндин боюнда бүтүп калып, аны коомчулук “күйөөсүз төрөгөн уят” деп анын намысына тийишкен. Коомчулуктун сөзүнөн уялган келин эч жерге учетко да турган эмес. Нервден уламбы, айтор, толготуп, айы-күнүнө жетпей үйүндө көз жарат. Ыйлап түшкөн ымыркайды муунтуп өлтүрүп, анан өзү көз жумат. Келинден аябай кан кеткен. Анын мындан башка да балдары болгон. Алар ал күнү үйүндө болушкан эмес. Бул боюнча иликтөө иши жүрүүдө.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы