Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев каза болду

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев каза болду

Кечээ, 11-ноябрда 12-ноябрга караган түнү, саат 23:20да,  Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Улан Чолпонбаевдин каза болгондугу маалым болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал узакка созулган оорудан (цирроза печени) көз жумган.

Улан Чолпонбаев 1977-жылы Бишкек (Фрунзе) шаарында врач, педагогдун үй-бүлөсүндө туулган. Балалык чагы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында өткөн. 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык укук факультетин, 2009-жылы Москвадагы Айыл чарба академиясынын финансы жана менеджмент факультетин аяктаган.

Улан Чолпонбаев Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты.  2010-жылы «Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. 2015-жылы «Республика-Ата-Журт» фракциясынын курамында мандат алган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Улан Чолпонбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө “Алакан” сайтынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.