НИГМАТУЛЛИН: “Атамбаев саясий да, ички да маданияты таптакыр жоктугун көргөздү”

НИГМАТУЛЛИН: “Атамбаев саясий да, ички да маданияты таптакыр жоктугун көргөздү”

Атамбаев бүгүнкү жыйынтыктоочу маалымат жыйынында, баягыдай эле Казакстанды сындап, аларга дагы тийишип өткөн. Кыскача айтканда, Казакстан Кыргызстанды блокадага алганын, бул маселени чечиш үчүн Путинге кайрылганын, коңшу казактарга «сабак бергенин» айтып өткөн. Мындай билдирүүсүнө Казакстан тарап дароо жооп айтты.

Тагырагы, Казакстан мажлисинин төрагасы Нурлан Нигматуллин президент Атамбаевдин 20-ноябрдагы билдирүүсүн «жоопкерчиликсиз жана популисттик» деп баалап, мындай деген: «Атамбаевдин курулай, популисттик жана жоопкерчиликсиз билдирүүлөрүнүн баары биздин элдин бир туугандык мамилелерине эч качан зыянын тийгизе албайт. Атамбаев президенттик жылдарында ал экономикада да, саясатта да натыйжага жетише албаганы баарына көрүнүп турат. Ал эми кетип баратып саясий да, ички да маданияты таптакыр жоктугун көргөздү».

Эсиңиздерде болсо керек, 7-октябрда Атамбаевдин балп этмейинен кийин, эки мамлекеттин мамилеси солгундай түшүп, чек арада турган элибиз ары же бери өтө албай түйшүккө түшкөн. Балп этмейин бүгүн өзү да мойнуна алды го. «Балп эткен сөзүмдү сагынасыңар»,-деп.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.