“Кыргыз Эл баатыры” жогорку наамын алгандардын тизмеси

“Кыргыз Эл баатыры” жогорку наамын алгандардын тизмеси

“Кыргыз Эл баатыры” жогорку наамы өлкөгө өзгөчө эмгек сиңирген жана баатырдыгы үчүн берилет. Бул наам буга чейин 22 адамга ыйгарылган.

“Кыргыз Эл Баатыры” болгондордун тизмеси:

  1. Чыңгыз Айтматов, жазуучу жана коомдук ишмер. 1997-жылы 4-февралда алган.
  2. Эрнст Акрамов, белгилүү хирург, коомдук ишмер. 2009-жылы 20-ноябрда алган.
  3. Таштанбек Акматов, фермер, мамлекеттик жана коомдук ишмер. 2013-жылы 12-мартта алган.
  4. Курманбек Арыков, монтажник. 2002-жылы 22-августта алган.
  5. Асанкан Жумакматов, белгилүү композитор, дирижер. 2003-жылы 26-январда алган.
  6. Бексултан Жакиев, драматург, Кыргыз Эл жазуучусу. 2011-жылы 28-августта алган.
  7. Сооронбай Жусуев, Кыргыз Эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. 2007-жылы 16-февралда алган.
  8. Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз Эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. 2006-жылы 31-октябрда алган.
  9. Төлөгөн Касымбеков, Кыргыз Эл жазуучусу. 2007-жылы 16-февралда алган.
  10. Күлүпа Кондучалова, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер. 2010-жылы 18-сентябрда алган.
  11. Сабира Күмүшалиева, Кыргыз Эл артисти. 2000-жылы 22-августта алган.
  12. Жусуп Мамай, кытайлык кыргыздардан чыккан айтылуу манасчы. 2014-жылы 30-майда алган.
  13. Мамбет Мамакеев, көрүнүктүү хирург, коомдук ишмер. 2004-жылы 24-ноябрда алган.
  14. Муталип Мамытов, белгилүү нейрохирург. 2011-жылы 28-августта алган.
  15. Абсамат Масалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер. 2005-жылы 25-июнда алган.
  16. Исхак Раззаков, партиялык жана мамлекеттик ишмер. 2010-жылы 29-декабрда алган.
  17. Тургунбай Садыков, белгилүү скульптор. 1997-жылы 4-февралда алган.
  18. Дооронбек Садырбаев, кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер. 2010-жылы 27-октябрда алган.
  19. Түгөлбай Сыдыкбеков, жазуучу. 1997-жылы 4-февралда алган.
  20. Турдакун Усубалиев, партиялык жана мамлекеттие ишмер. 1999-жылы 14-октябрда алган.
  21. Салижан Шарипов, белгилүү космонавт. 1998-жылы 3-февралда алган.
  22. Алиясбек Алымкулов. Экс-министр. 2011-жылы 28-августта алган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.