Бакиев «келем» дептир, Атамбаев жоопко тарта алган жок. Жээнбеков жоопко тарта алабы?

Бакиев «келем» дептир, Атамбаев жоопко тарта алган жок. Жээнбеков жоопко тарта алабы?

“Хабар” телеканалы Кыргызстанда 2010-жылда болгон кандуу окуя боюнча даректүү тасма тартышыптыр. Анда ал күн боюнча Курманбек Бакиевди сүйлөтүптүр. Көп нерсе айтса керек, кыска эле Кыргызстанга кайтып келүү боюнча айтканы боюнча видеону Ютубга жайгаштырышты. 

Анда Бакиев: “Үстүмдө эмне болсо ошо менен эле чыгып кеткем. Угушума караганда, бардыгын менчиктештирип алышыптыр: идиш-аякты айтпай эле коеюн, байпак, ич кийимиме чейин. Убагы келгенде, мен өзүмдүн өлкөмө сөзсүз кайтып барам. Мен ага бөркүмдөй ишенем”,-дептир.

Бул дагы Атамбаевдей болуп “балп” деп койчу эмес беле. Атамбаев Бакиевдин убагында премьер-министр болуп, анын 60 жылдыгында «мындай киши жок» деп аябай мактап, аягында анын колунан сыйлык алып кетпеди беле. Аны жоопко тартууга аракет кылбай, 6 жыл жамандап эле өттү го. Атамбаевдин досу Сооронбай Жээнбеков бийликке келээри менен Бакиев минтип баш көтөрүп, «акыры барам» деп атат. Эгер келсе, аны Жээнбеков жоопко тартышы керек! Ошого духу жетээр бекен? 

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.