Чубак ажы ЖАЛИЛОВ: “Азиза айым мени сотко бергидей менин аялым эмес да…” (ВИДЕО)

Чубак ажы ЖАЛИЛОВ: “Азиза айым мени сотко бергидей менин аялым эмес да…” (ВИДЕО)

Чубак ажы Жалилов экинчи аял алгандан бери коомчулукта чуу жаралды. Өзгөчө социалдык түйүндө отурган эл экиге бөлүндү: бири колдоп, бири колдобой… Депутаттар мыйзамдуу жагын түшүндүрсө, аны түшүнүп-түшүнбөй, оозго келбес сөз менен сөгүп жаткандар болду. Чубак ажы булардын баарын окуган экен, “өтө катуу кетип, ыплас сөз жазууга болбойт!” деп туптуура айтыптыр бул видеодо.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова бул маселе боюнча Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жазган. Азиза айымдын арызы боюнча Чубак ажыдан “Kabarlar.kg” сайтынын журналисти маектешүүдө сураган экен. Анда Чубак ажы: “Мени сотко бергидей Азиза айым менин аялым эмес да. Мени аялым гана сотко бере алат. Албетте, аялым бир аз капа болуп аткан, бирок, анын баары артка калды”,-дептир. Биз эми кыскача бердик. 40 мүнөттүк Үмүт айым менен болгон маекти ВИДЕОдон көрүңүздөр.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.