Кызжибек МАРИПОВА: “Үч эм менен апамдыкындамын. Мамлекеттен үй сураганбыз, андан кабар жок”

Кызжибек МАРИПОВА: “Үч эм менен апамдыкындамын. Мамлекеттен үй сураганбыз, андан кабар жок”

Бүгүн, 22-декабрда, спикер Дастанбек Жумабеков Кара-Суу районундагы Эркин айылында жашап жаткан Кызжибек Мариповага барып, үч эмден: Асан, Үсөн, Фатимадан кабар алды. Жалгыз бой эмдерди чоңойтуп жаткан энеге спикер ыраазылык билдирип, кир жуугуч машина жана 50 миң сом берди. Атайы балдарга ала барган белектерин эмдерге тапшырды.

Кызжибек Марипова буга чейин үч эмди дарылатууга мамлекеттен жардам сурап кайрылган. Биз Кызжибекке телефон чалып, азыноолак маектештик.

— Кызжибек айым, келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен! Балдарыңыздын денсоолугу жакшы болуп калдыбы? Спикер барганга чейин мамлекет кызматкерлеринен кимдер барып, кандай жардам кылды эле?

— Биздин маселе боюнча акимге, айыл өкмөтүнө кайрылганыма көп болду. Акимге кыш келе электе бир батирлүү болуп калсак деген тилек менен арыз жазгам. Бара берип чарчадым чынын айтсам. Ошентип кыш келди. Балдарым сарык оорусу менен ооруп калды. Көздөрүнүн да көрүүсү жакшы эмес, операция кылыш керек болгондо, айлам кетип, кайра эле акимге, айыл өкмөтүнө кайрылгам. Айыл өкмөтү 15 миң сом, аким 5 миң сом бөлдү. Ошого эки баламдын көздөрүн операция кылдырдым. Азыр Кудайга шүгүр, балдарым жакшы болуп калды.

— Азыр квартирада турасыздарбы?

— Буга чейин Кара-Суу шаарында батирде жашап жүрдүм. Ал жерге төлөй албай калгандан кийин, ата-энемдин үйүнө келгенбиз. Апамдын пенсиясы менен күн кечирүүдөбүз.

— Бүгүн барган спикер Дастан Жумабековдон үй сураган жоксузбу? Спикерди ээрчип барган аким менен айыл өкмөтүнөн үй сураган арызыңыз качан караларын сурасаңар болмок да?

— Үй боюнча райондун акими Тилек Матраимовдон жооп болбогондон кийин, айлам кетип, Жогорку Кеңештин төрагасына да үй сурап кат жөнөткөм. Катым жетсе керек да, ошон үчүн Дастан Жумабеков келди окшойт. Капысынан келген спикерге таңгалып, мага жана балдарыма берген белектерди алып, акчасын колума кармап туруп эле калыпмын. Антип-минтип сураганча эле, бат-бат эле тапшырып, шашып чыгып кетишти. Ошентип үй сурай албай калдым. Бирок, спикер Дастан Жумабеков келип, жардам берип кеткенине кубанып отурабыз. Жаңы жыл алдында бизге чоң белек болду. Үй маселесин деле чечип берет го деп ойлоп турам.

Сиздерден суранам, урматтуу журналисттер, бизге окшогон жардамга муктаж адамдардын үнүн жеткирүүгө, бизге көпүрө болуп берүүгө сиздердин күчүңүздөр жетет.

— А жолдошуңуз кайда?

— Жолдошум жок. Ал мен кош бойлуу болгон кезде эле, үч эм экенин билип туруп таштап кеткен. Балдарым 7 айлык болуп төрөлгөн. Денсоолуктары чың болчу, кийинчерээк көздөрүнүн көрүүсү начарлап кетти. Балдарым 7 жашка чыкты. Ишенсеңер, балдарын атасы ушул убакка чейин көрө элек. Балдарын таштаган ата болбосун! Мындайды эч кимге каалабайм. Баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Жаңы жыл жакшылыктарды алып келсин, сиздердин жардамыңыздар менен биз кийинки жылы үйлүү бололу!

“Көп түкүрсө, көл болот” дегендей, Кызжибекке жардам кылам дегендер болсо, анын чөнтөк телефонуна чалсаңыздар болот. (0772) 27-7-95. А биз болсо, спикерден, акимден үй боюнча арыз кандай чечилээрин билип, кабарлап коебуз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.