Адилет КАЛЫГУЛОВ: “Кызын зордуктаган Төлөгөн менен айдоочум тааныштырган”

Адилет КАЛЫГУЛОВ: “Кызын зордуктаган Төлөгөн менен айдоочум тааныштырган”

“Эгемен” сайтынын ээси катары таанылып жүргөн юрист Адилет Калыгулов “5 жашар кызын зордуктаган педофил” деп Төлөгөн Султанбеков жөнүндө Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жазып чыккан соң, ал коомчулук тарабынан катуу талкууга алынып, “Мындай аталар атылсын!” деген аталышта айрым энелер кол чогулта баштаган. “Адилет Калыгулов өзү педофил. Ал өзү Төлөгөндүн кызын зордуктап коюп, аны подстава кылган” деп жазып чыккандар да болду. Социалдык тармактарда талашты жараткан бул ишти териштирүү үчүн иликтөөнү алгач жазып чыккан Адилет Калыгуловдон баштадык. Ал болгон суроодон качпай, баарына жооп берди.

 — Адилет, Төлөгөн Султанбековду “педофил” деп жазып чыгып, өзүң “педофил” атыктың. Муну кандай кабыл алдың? Болгон чындыкты өз оозуңдан уксак.  

— Алгач мен ушул нерсени иликтеп баштаганыңар үчүн сиздердин сайтка ыраазычылык билдирем, эми баштаган ишиңерди аягына чыккыла. Муну өтө кылдаттык менен иликтеш керек! Изилдеп, иликтеп, бир жактуу эмес, эки тарапты тең берүү, чындыкты чагылдыруу — бул журналисттин иши. “Актоо үчүн эмес, тактоо үчүн керек” дегендей, актанып эмес, так болуш үчүн баарына жооп берүүгө даярмын. Жоктон бар кылып, жамандоо, каралоо адамдагы эң жаман сапат. Учурда өтө ыплас сөз менен мени каралоо жүрүп жатат. Бирок, мен мындай каралоолорго көнүп калгам. Жылмаюу менен кабыл алам. Анткени, бул саясат, кимдир бирөөнүн саясаты ойноп жатат. Саясатта баарына чыдаш керек!

Элге түшүнүктүү болуш үчүн, мен ошол жазгандардын ар бирине кенен эле жооп берейин. “Адилет карызын бербеген жигиттен өч алуу максатта ушуну уюштурган, аны атайы мас кылып, анын беш жашар кызын зордуктап, анан тиги байкушту подстава кылган экен. Анан аны каматып, ал тууралуу интернетке жазган” деп жазгандарга жообум мындай. Үстүмдө — Кудай, Жер алдында — Атамдын арбагы, жашоомдо — апам, жубайым, балам турат. Бул эми, ушундай ыйык адамдардын атын атап алып каргануу эмес, өзүмдүн болгон чындыгымды элге жеткирүү. Акча үчүн мен мындай жорукка эмес, башка жорукка да барбайм. “Өз канынан жаралган кызын атасы кантип зордуктамак эле?” деп жакындары айткан” деп да жазышыптыр. Биринчиден, ал Төлөгөндүн кызы эмес. Жубайынын биринчи жолдошунан төрөлгөн экен. Экинчиден, кыз 5 жашка эмес, 7 жашка чыгыптыр. Эгер чындап Төлөгөндүн жакын туугандары айткан болсо, анда кыздын жашынан жаңылмак эмес, так айтышмак. “Туугандары айтты” деп эле жазып жатышат. Фейктердин айтымында, мен коркутуп-үркүтүп Төлөгөнгө СмС жазыпмын, болгондо да орусча. Төлөгөн орусча сүйлөчү эмес, орусча сүйлөмөк түгүл, түшүнчү эмес, түшүнбөгөн айылдык жигитке мен орусча СмС жазмак белем?! Бул бир. Экинчиден, Төлөгөндүн телефонунда Вотсап номери жок, интернети жок жөнөкөй телефон колдончу. Үчүнчүдөн, мен ага такыр чалчу эмесмин. Айдоочум аркылуу гана сүйлөшчүбүз. Төртүнчүдөн, эгер мен коркутсам, анда Төлөгөндүн өкүл атасы мени суракка алып, мага чара көрмөк, же ортого түшүп мени менен сүйлөшмөк, анткени, ал милиция кызматкери. Бешинчиден, мен ушул мени жамандоого Төлөгөндү аралаштыргым келбейт, мени каралоодо анын күнөөсү жок. “Жамандоонун артында Төлөгөн турат” деп анын күнөөсүн курулай көтөргүм келбейт. Буга анын такыр тиешеси жок.

— Төлөгөн сенин айдоочуң беле?

— Жок. «Төлөгөн көптөн бери Адилеттин машинасын айдап жүргөн, спорттук түзүлүштөгү чымыр денелүү жигит, аны Адилет «водителим» деп атачу» деп да жазышты. Төлөгөн менин эч качан айдоочум болгон эмес. Ал менин машинамды айдамак турсун, рулун кармаган эмес. Төлөгөн чымыр денелүү эмес, арык, кичинекей бойлуу бала. Менин боюм — 170 болсо, аныкы — 150. Ушундай бала анан мени кантип кайтарсын?

— Төлөгөн менен кандайча, кайдан таанышып калдың эле?

— Төлөгөн менен мени менин айдоочум тааныштырган. Ал бир күнү: “Төлөгөн деген бала бир заводдо контейнерде төрт баласы менен жашап жатат, жардам берип койбойсузбу, байке” деп калды. Аны угарым менен келинчегиме дароо чалып, балдарына кийим-кечек дайындаткам. Ошол даярдалган бир кап кийимди алып кетүүгө келгенде аны менен таанышкам. Андан ата-энесин, бир туугандарын сурасам, “эч кимим жок, мен томолой жетиммин”,-деген. Ага аябай боорум ооруп калган. Анан бир кап кийимди берсем, эми сүйүнгөнүн айтпагыла, кубанычы койнуна батпай, көтөрүнүп кеткен. Анан арадан көп убакыт өтпөй, үйдөгү майда- чүйдө жумуштарды кылууга чакырдык. Тагырагы, айдоочум чакырган.  “Ушундай жумуштарды кылууга башканы издебей, Төлөгөндү эле иштетпейсизби, анын колунан баары келет, арзан да жасайт” деп айдоочум аны сунуштаган. Мейли деп ар бир ишти кылдыруу үчүн аны айдоочум аркылуу чакырып турдук. Мисалы, офистеги эшикти, машинамдын фарасын жасап берди. Апамдын үйүнүн морун тазалап берди. Ал иши үчүн апам 3000 миң сом бериптир. Ошентип, Төлөгөн эмне иш кылса, анын акысын алып турду. Бир күнү келип, “байке, права алуу үчүн окууга 9500 сом керек болуп жатат” дегенде, дароо 150 доллар бердим. Бир жарым айдан кийин “права алдым” деп кудуңдап келди. “Эми иштеп, балдарыңды бак” десем, “таксист болот элем, ага машинам жок, арендага машина алат элем. Арендага машина таап бериңизчи”,- деди. “Күнүнө канча экен?” десем, “700 сом экен” деп калды. Анан мен “андан көрө машина алып берейин, ошону айдап, бутуңдан туруп, тыңып ал. Күнүнө 200 сом, күнүнө бере албасаң, жумасына 1200 сомду келинчегиме алып барып берип тур” деп жөнөткөм. Бир жума өттү, андан дайын жок. Анан айдоочума чалдым, “Төлөгөн кайда? Эмне болду?” деп, “машинанын артын сүзүп алыптыр, ремени үзүлүп калыптыр, көчөгө таштап кетиптир. Анын ордуна мен жасатып берейин” деп анын паспортун берди. “Мен анын паспортун эмне кылмак элем? Жакшылыкты билбейби, менден алган акчаны алып келип, ордуна коюп койсун!”,-дедим. Андан акчаны алышта эмес, жоопкерчиликти сезсин деген ниетте айткам. Болгону ушул.

— Төлөгөндүн ишин тергеп жаткан тергөөчүгө акча бергениң чынбы?

— Бул боюнча да жазылып жүрөт. “Өзүнүн кылган ишин актоо үчүн тергөөчүгө жолугуп, акча берип, Төлөгөндү сабатып, мойнуна койдуруп атыптыр. Өзү болсо телеканал, сайттарга да акча берип, заказ менен Төлөгөндү жаманатты кылып жатыптыр” деп жазгандар да болду. Окурман чаташпаш үчүн башынан айтайын. Төлөгөндүн паспорту менде экени жогоруда айтылбадыбы. Бир күнү айдоочум чалып: “Төлөгөндүн апасы баласынын паспортун сурап жатат. Ал уурулук менен камалып калыптыр”,-деди. Мен таңгалып андан сурадым: “Кандайча апасы, кайсы апасы? Ал мага апам жок дебеди беле, кандайча апасы пайда болуп калды? Анда мага ошол апасы жолуксунчу, баласынын кылыгын айтып берейин. Же паспортту алуу максатта ушундай нерсени ойлоп табыштыбы? Эгер чындап милицияга түшүп калса, анда мага ошол ишти тергеп жаткан тергөөчү чалсын”,-дедим. Тергөөчү Жамгырчиев Элеман деген жигит экен, өзүн ушинтип тааныштырып чалды. “Эмне уурдаптыр?”,- десем, “уурулук эмес, зордуктоо менен түштү, болгондо да 5 жаштагы кызын зордуктап коюптур”,-деди. Ишенесиңерби, денем чымырап, бүткөн боюмду калтырак басып, уккан кулагыма ишенбей кеттим. Паспортун алып барып, ал тергөөчү менен ошол жерден тааныштым. Өтө билимдүү тергөөчү экен. Ишенбесеңер, тергөөчүдөн деле сурасаңар, мага айтканды силерге деле айтып берет. Ага барганымда иш менен кыскача тааныштырды. Ал Төлөгөндүн он жашар баласынын айтымында жазыптыр. Көрсө, 14-февралдан 15-февралга караган түнү Төлөгөн балдарына төшөктү бөлөк салып, 5 жашар кызы менен өзүнө чогуу салыптыр. Ал күнү аялы төрөп, төрөтканада экен. Түнкү саат үчтөрдө кичинекей кыз бакырып ыйлаганынан улам, улуу баласы ойгонуп кетип, карындашына атасынын кылган жоругун көрүптүр. Апасы үйүнө келгенде, баласы атасынын “жоругун” айтып бериптир. Аялы чочуп кетип, кызын дароо ооруканага алып барыптыр. Анан бардыгы ошол жактан билинип жатпайбы. Ооруканадагы дарыгерлер милиция чакырышыптыр. Милиция кордолгон кызды атайын бир бөлмөгө алып барып, психолог, апасы, дарыгер жана башкалардын катышуусунда суракка алганда, кыз окуянын кандай болгонун айтып бериптир. Ошонун негизинде атасы кармалып жатат. Эгер дарыгерлер милицияларды чакырбаганда, жабылуу аяк жабылуу менен калат беле, ким билет? Кудай башка салбасын, наристенин зордукталганы эне жүрөгү көтөрүү өтө кыйын.

— Кечирип кой, “Төлөгөндүн аялы менен Адилеттин жакындыгы болгон”деп жакындарды айтты” деп да жазылды. Төлөгөндүн аялы менен тааныштыгың бар беле?

— Жок тааныбайм, көргөн да эмесмин. Фейктерге айтып жаткан Төлөгөндүн туугандарын көрөйүн дедим эле. Ошол фейктер «Төлөгөндүн жакындары жакында пресс-конференция берет» деп да жазышкан. Кана? Ошол жыйынды мен чыдамсыздык менен күтүп жатам. Себеби, чындыкты эл билиши керек! Туугандары аларга айтып жатканы чынбы, калппы ким билсин! Балким, фейктер жөн эле жазып жаткандыр. Муну иликтеш керек. Эгер чындап мен жөнүндө Төлөгөндүн туугандары айткылары келсе, анда журналисттерге жалпы жыйын өткөрсүн. Мен качпайм, барып берем. Ошол фейктерге айткандан көрө, силерге окшогон өз аты-жөнү, сүрөтү менен чыгып жүргөн журналисттерге айтышса, жакшы болмок. Мисалы, мен деле бир нерсе жазаарда аны аныктап, иликтеп, анан жазам. Башкалардай болуп бөлөк бирөөнүн сүрөтүнө жашырынып, аты-жөнүмдү өзгөртүп чыкпайм. Өзүмдүн атымдан сүйлөйм, жазам. Фейктердин да ачыкка чыгуусун талап кылам! Ошол фейктер күнөөлүү адамды актап, күнөөсү жок адамды каралап жатышат. И баса, «Төлөгөндүн аялы төрөгөндө, Адилет жууп берейин деп үйүнө барып, сүйүнчүсүнө карызын кечип, экөө ичип, мас болот” деп да жазышыптыр. Мен билгенден Төлөгөн спирт ичимдигин такыр ичпейт. Ал эми аялынын төрөгөнүн айдоочумдан уккам. Төлөгөндүн жаңы төрөлгөн баласы, апасы, үйү бар экенин билген эмесмин. Мага айткандары боюнча, анын эч нерсеси жок болчу. Көрсө, апасы да, үйү да бар экен. Апасына чалып же барып сүйлөшсөңөр жакшы болмок.

— Эмне себептен, кандай максатта Төлөгөн боюнча Фейсбукка жаздың эле?

— Мен эч нерсени максаттаган эмесмин. Наристени зордуктаган ата сөрөй мыйзам чегинде жоопко тартылсын деген ниетте жазгам. Кичинекей, алсыз, таттуу уйкуда уктап жаткан кызына кол салган адам да адамбы? Мындай адамдарды өмүр бою кесиш керек! “Ушундай адам менен мен тааныш элем, жардам бергем” деп жазбайт элем да. Андай адамдын кылыгын уккандар тааныш болсо да тааныбайм деп чыгышат. Мен бул жерде “мен тааныган адам ушундайга барабы? Бу эмне деген адам?” деп таңгалуу менен ушунчалык жек көрүү, жиним менен жазып жатам. Болгондо да мен имиш менен эмес, факты менен жазып жатам. Ушундай ыплас нерсе менен андан акчамды алуу мага максат эмес. Мага тапканым жетиштүү, акчага муктаж эмесмин. “Айтылбай турган сөз эле, чыгып кетти өзү эле” дегендей, ачууң келгенде, ачуу чындыкты айтат экенсиң. Мактангандай болбоюн, 18 миң сом эки күндүк чыгымым. Кол алдымда иштегендер 35-40 миң сомго чейин айлык алышат. Кайрымдуулук, соопчулук иштерди көп кылам. Чындап муктаж болгондорго акчамды аябайм. Канча деген ырчылар чет өлкөгө чыгып жатканда менден акча сурашкан, бергем. Берешендик, боорукердик ыраматылык атамдан калса керек деп ойлойм. Атам көчөдөгү селсаяктарды үйгө алып келип, жайында шланг менен суу чачып, самын менен жуунтуп, курсактарын тойгузуп, атүгүл арактарына чейин алып берчү экен.

— Сени каралап жаткан фейктер кимдер, өзүң билсең керек?

— Баягы эле саясий оппоненттерибиз, мурунку, азыркы бийликтин душмандары. Жазган нерсемди башкача, терс өңүттө, өзүмдүн маалыматымды өзүмө каршы колдонушту. Атүгүл, өзүм каржылаган сайт жамандады.

-“Эгемен” сайтынын ээсисиң да?

— Жок. Азыр ал меники эмес. Ачык эле айтайын, мен сайтты 43 миң долларга саткам, 30 миңин алдым, 13 миңин ала элекмин. Ала элек акча боюнча бир аз түшүнбөстүктөр болуп, таарынышып калганбыз. Ошондон улам, алар мени жамандады окшойт. Башында мен “Эгемен” гезитин ачкам. Гезиттер көп окулбай калгандыгынан улам, сайтка өткөнбүз. Гезиттин үч учредители бар болчу. Биринчиси — материал жагын карап, ага жооптуу адам. Экинчиси финансы жагын каржылап, камсыз кылган киши. Каражат жагын мен карачумун. Үчүнчүсү — саясий фигура болчу.

— Ошол саясий фигура Атамбаев эмес беле? “Ошол кишинин сайты” деп айтылып, жазылып келет…

— Алмазбек Шаршеновичтин бул жерде эч тиешеси жок. Мен ал кишини бетме бет такыр көргөн жокмун. Бирок, убагында колдоп, баарыбыз эле чуркаганбыз да, туурабы?

— Кесибиң журналистпи?

— Жок, менин кесибим – юрист. Мен милицияда, телевидениеде, ТИМде, коррупцияга каршы күрөшүү кызматтарда, кийин фонддордо иштегем. А бүгүн болсо саясатка аралашып, саясатта жүрөм.

— Ошондон улам “Эгемен” гезитиң ачтың беле?

“Эгемен” гезитин 2014-жылы ачканбыз. Бир жыл эле иштеп, жабылып калды. Кирешесинен чыгымы көп болду. Айына 6-7 миң доллар кетчү. Акырында тарта албай калдым. Азыр менде гезит да, сайтта жок. Ошондон улам, болгон окуяны социалдык түйүнгө жаздым. Наристе кызыбыз кордолуп жатса, кордогон адамды коргоп жаткандарга таңгалдым. Бизде патриоттук сезим жок болууда. Ымыркай кыздын тагдырын талкалаган адамды коргоп өздөрүнүн ким экенин бүгүн дагы бир жолу тастыктап коюшту. Кайра мага жалаа жаап жатышат. Алар мага жалган жалаа жаап, мени сындыра алышпайт. Кимдин ким экени ушудайда билинет экен. Мени колдоп, “сен андай бала эмессиң.  Биз сага ишенебиз. Сен бизге жардам бергенсиң” деп өзүмө гана көңүл айтып жазышат. Эл алдына ошону жазышпайт. Бул эки жүздүүлүк да. Эки жүздүү, саткын адамдар эртең өлкөнү деле сатып кетет. Алар үчүн Кыргызстандын, элдин тагдыры бир тыйын.

— Сени каралагандарды эмнеге сотко бербей жатасың?

— Алар фейк болуп жатпайбы, бирок, мен азыр өз алдынча алар боюнча да, бул иш боюнча да иликтөө жүргүзүп жатам. Чындык акыры жеңет, мен ага бөркүмдөй ишенем. Жалган жазып жаткан адамдарды азырынча Кудайга койдум, Кудай жасаңарды берсин!

Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

P.S. Бир жактуу болуп калбаш үчүн биз Төлөгөн Султанбековдун туугандарын, апасын таап, жооп алабыз жана анын ишин тергеп жаткан тергөөчүгө да кайрылабыз. Жакында алардын да пикирин окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.