ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: үч күн жамгыр жаайт

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ: үч күн жамгыр жаайт

Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Үч күн: 1-апрелден 3-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоодо мал кармоону кыйындатат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.