Сапар Исаковго аялы “Талаа карышкырын” алып келип берди

Сапар Исаковго аялы “Талаа карышкырын” алып келип берди

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков жубайы Малика Арстанбекова менен жолукту. Өмүрлүк жары жолдошунун суранычын аткарды. Ал Герман Гессенин «Талаа карышкыры», «Альберт Эйнштейндин жашоосу» аттуу китептерин алып келип берди.

Эскерте кетсек, Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ага ал күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев чечим чыгарып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. С.Исаков Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин негизинде камалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.