Абдил СЕГИЗБАЕВ: “Мекеме аралык макулдашууга» кол койгон эмесмин”

Абдил СЕГИЗБАЕВ: “Мекеме аралык макулдашууга» кол койгон эмесмин”

Улуттук тарых музейиндеги мумияны көмүү тууралуу баракчасына коюлган кол аныкы эместигин, мумия ишине аралашпаганын УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев “Азаттыкка” билдириптир.

Баракчага 9 мекеменин жетекчиси кол койгон

Эскерте кетсек, буга чейин «мекеме аралык макулдашуу» деген баракчага 9 мекеменин жетекчилери кол койгону айтылып, жазылган. Алар: Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурдагы министри Түгөлбай Казаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, ИИМдин мурдагы министри Улан Исраилов, финансы министри Адылбек Кысымалиев жана Экотехинспекциянын, Фитосанитардык инспекциянын жетекчилери.

Мумия Баткенге көмүлгөн

Бишкектеги Улуттук тарых музейинде 1970-жылдардан бери турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөргө (былтыр, 14-октябрда) көмүлгөн.

Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийин көмүлгөн жеринен казылып, алынып, Бишкектеги Улуттук тарых музейине алып келинген. Улуттук тарых музейинен Баткенге жеткирилип, жерге көмүлгөн мумияны кайра кайтаруу сунушун парламенттик комиссия киргизген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.