Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Кумтөр” бул – Гиннес китебине кире турган афера” (ВИДЕО)

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: “Кумтөр” бул – Гиннес китебине кире турган афера” (ВИДЕО)

Чубактын кунундай чууруган Кумтөр алтын кенинин чыры, “ыры”, келишпестик дагы деле чечилбей келет. Бу алтын кенин иштетип жаткан «Центерра Голд» компаниясы Өкмөт менен (Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык) келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу макулдашуу болгонун компаниянын басма сөз кызматы 20-июлда билдирген. Бул келишимге эки тарап былтыр 11-сентябрында кол койгон. Буга чейин узартуу 23-июлга чейин делсе, эми 24-август деп белгиленди. Ал күнгө га саналуу күн калды. Ал кандай чечилет ким билет?

Жогоруда айтылган келишимге 2017-жылы 11-сентябрда кол коюлганы айтылды. Ошондо өткөн өкмөттүн (Сапар Исаковдун) келишими болууда. Аны жаңы келген Мухамбеткалый Абылгазиев келишимди узартуу боюнча улантууда. Ошону байкаган Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев да «өткөн Өкмөттүн кемчилигин кайталабаңыз!»,-деп парламенттин трибунасында эскерткен. Кумтөр боюнча кыска, нуска мыкты сөз айткан. Анын айтымында, “Кумтөр бул – кыргыздын шору”. Депутаттын айтканына абай салып, видеодон көрүңүз жана туура чечим чыгарыңыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.