Аида САЛЯНОВА: «Тууганым боюнча ИИМ берген маалымат туура эмес»

Аида САЛЯНОВА: «Тууганым боюнча ИИМ берген маалымат туура эмес»

Экс-депутат Аида Салянова тууганы Калыбек Элтуйбасов (Салянов деген фамилия менен тарап жатат — авт.) боюнча кеткен кептин туурасы тууралуу журналисттерге маалымат-жыйын өткөрүүдө. Маалымат берүүнүн максатын да айтып, журналисттердин калыс чагылдырып берүүсүн баса белгиледи.

-ИИМ Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу ишти туура, так жана чыныгы өлтүргөн адамды табууга кызыкдар эместигин көрсөтүп жатат. Жаш кызды өлтүргөн чыныгы адам изделген жок. Ошондуктан сиздер, ММК өкүлдөрү ошого жардам берсеңиздер. Ар бир нерсени объективдүү, далил менен чагылдырып, ыплас, жалган маалыматка жол бербесеңиздер. Анткени айрым журналисттер “Калыбек Салянов Америкада кармалды” деген маалыматты ИИМ билдирди” деп жазып жатышат. Бул туура эмес маалымат. Анткени Калыбек Салянов Америкада ИИМдин көрсөтмөсү менен кармалган жок. Американын өзүнүн демилгеси менен миграция маселеси боюнча кармалып жатат. Ал жерде К.Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу такыр сөз жок. Эми жаш кыздын өлүмү тууралуу айта турган болсок, тергөө иши туура эмес тергелүүдө, барып эле аягы саясатка такалууда. Ал окуя боюнча Насырбек Алмаматов деген киши камакта отуруп алып туура эмес маалымат берген. Ал: “Калыбек Салянов саунадагы записти өчүрүп сал”,- деген көрсөтмө бергенден кийин камактан бошотулган, болгондо да кызматка башчы болуп барган, Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. Андан кийин ал пара менен кармалып, азыр кайра камакта. Ыплас иштин баары ИИМдин мурдагы министри Улан Исраиловдун убагында болгон. Ага чейинки эки министр тең “К.Дүйшөбаеванын өлүмүнө Калыбек Элтуйбасовдун тиешеси жок” деген. Экс-министр Мелис Турганбаев да айткан. Тилекке каршы, бул эске алынбай, туура эмес тергөөлөр жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 2014-жылы студент Камила Дүйшөбаева Бишкекте киши колдуу болгон. «Киши колдуу болду» деп айтылып, жазылган 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын жансыз денеси 2014-жылдын 16-мартында Байтик айылындагы мүрзөдөн табылып, муунтулуп өлтүрүлгөнү такталган. Муну иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында атактуу адамдар жана алардын туугандарынын аты аталган. Калыбек Элтуйбасовдун да аты аталып, ушул убакка чейин ага чапталып келет. Мындай маалыматты башынан эле Аида Салянова четке кагып, туура эмес тергелип келатканын айтып келатат. Бүгүн да бул боюнча өз чындыгын айтып, жыйын өткөрдү.

Бул боюнча иликтөө али алдыда. ИИМден да так маалымат алып беребиз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.