Өмүрбек Бабанов Үмүт Култаевага ыраазычылык билдирди

Өмүрбек Бабанов Үмүт Култаевага ыраазычылык билдирди

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева эжеге ыраазычылыгын билдирип, анын аягын дагы “жакында көрүшкөнчө” деп бүтүрдү. Билдирүүсү төмөндө:

Үмүт эже! Чындыкты жазгандыгыңыз үчүн сизди чыркыратып, эларалык институтту жетектеген жумушуңуздан алышты. Доктордук даражаңызды, өмүр бою топтогон билимиңизди жаштарга үйрөтүүгө күчтөнүп турганыңызда сизди жумуштан алып, УКМКга чакырып алып кылмышкердей мамиле кылышты. Атүгүл студенттерге сабак бергенге да жол беришпеди. Ага карабай бүгүн да сиз илимий көз-караш менен менин сөзүмдү ачык талдап, чындыкты айтып чыктыңыз. Сизге сыймыктануума чек жок болуп, ыраазычылыгымды жеткире албай турам.

Урматтуу элим! Ушул видеону элибиздин калың катмарына жеткиреличи. Филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева эжебиздин чындык үчүн күрөшү, курмандыгы тек кетпесин. Өлкөбүздөгү мугалимдерибиздин ар бири дал ушул Үмүт эжебиздей эркин, тайманбас, илимдүү, билимдүү болсун! Чоң ыракмат, Үмүт эже! Жакында көрүшкөнчө!

Башка мугалимдерге үлгү боло турган эжебиз

Президенттик шайлоо учурунда Өмүрбек Бабановдун сүйлөгөн сөзүндө “улут аралык кастыкты козуткан чакырыктар бар” деген кине тагылып, иш козголгон. Бабановдун сүйлөгөн сөзүн талдаган илимпоздор “андай сөз жок” деген жыйынтыгын чыгарып, журналисттерге жыйын өткөрүштү. Чындыкты айткандыгы үчүн Үмүт Култаева жумуштан кетирилгени тууралуу да айтып өттү. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрө аласыздар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.