Видео — Балгынбек ИМАШ: “Элмирбек Иманалиев Орто Азияда таанымал өнөр ээси эле… Артына өлбөй турган өнөр, сөз калтырып кетти”

Видео — Балгынбек ИМАШ: “Элмирбек Иманалиев Орто Азияда таанымал өнөр ээси эле… Артына өлбөй турган өнөр, сөз калтырып кетти”

Кыргыз эли дагы бир алп акынды жоготту. Кыргыз эл артисти, төкмө акын, ырчы, обончу Элмирбек Иманалиевден айрылып, мөңгүрөп турган чагы… Бизге боордош казак акындары да көңүл айтып жатышууда…

Казактын айтылуу төкмө акыны Балгынбек Имаш маркумдун жубайына, балдарына, кыргыз элине казак элинин, казак акындарынын атынан Би-Би-Си аркылуу көңүл айтып, залкар акыныбыз Элмирбек Иманалиевдин Казакстандагы ордун, өнөрүн айтып бериптир.

Аны толугу менен төмөндөгү Би-Би-Си тарткан ВИДЕОдон көрүп, угуңуздар!

Элмирбек Иманалиев менен Балгынбек Имаштын айтышы

Элмирбек Иманалиевдин маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эртең акыркы сапарга узатылат

Элмирбек Иманалиевдин тун кызы Айзуура Иманалиеванын жолдошу, күйөө баласы Мирзат Муканов кайын атасынын сөөгү каякка коюларын сурап жаткандардын бардыгына жооп берип жетише албай жатканын айтып, социалдык тармакка пост калтырды. «Эртең, 22-апрелде, саат 9-30да «Туңгуч» кичирайонундагы атамдын үйүнүн алдына эскерүү өтүп, сөөгү 10-30да алынып чыгып, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бирок, бул чакыруу эмес. «Аз киши болсун» деп жатышат, туура түшүнөбүз«,- деп жазды.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты төкмө акын, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жубайына, уул-кыздарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.