Райымбек Матраимов мамказынага 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом төктү

Райымбек Матраимов мамказынага 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом төктү

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом төктү. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда, Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Финансы министрлигинин атайын эсебине башка адамдардан да акча түшкөн. Баарын кошкондо жалпысынан 1 миллиард 345 миллион сомдун тегерегинде каражат топтолгон.

Белгилей кетсек, Бажы тармагындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Бирок ошол эле күнү Матраимовду сот, тергөө менен кызматташууга барды деген жүйө менен эч жакка кетпөө тилкатын алып бошоткон. Матраимовду «дүнгүрөтүп» (фото-видео далилдерин жарыялап) кармаган УКМК да ал тергөө менен кызматташууга, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берүүгө макул болгонун  билдирген. Матраимов өзү УКМК айыптоосу боюнча комментарий берген эмес, бирок ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

Тактай кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы митингинен кийин бийлик алмашып, депутаттарды бир канча жолу добуш бердиртип премьер, кийин президенттик ишин жыйыштырган Сооронбай Жээнбековдон кийин өлкө башчысы болуудан Канат Исаев баш тартып коюп, өлкө башчысы-өкмөт башчысы деген кош милдетти аткарып калган Садыр Жапаров буга чейинки билдирүүлөрүндө Райымбек Матраимовду камакка алуу-албоо маселесинде саясий чечимге барганын, аны үй камагына бошотууга өзү буйрук бергенин ачык эле айткан. Ал чечимин экономикалык кылмыштарда айыпкерди камоодон пайда жок экенин, андан көрө чыгымды өндүрүп алуу оң болорун жана Матраимов сумманы ноябрь аягына чейин төлөп бүтөт деп түшүндүргөн эле.

Ал эми «Райын-миллион» атыккан даӊазасы бар Райымбек Матраимов боюнча айтсак,  ага байланыштуу «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Ал иликтөөлөрдө коррупциялык кыӊыр иштерге Райымбек Матраимовдун кыйла тиешеси болушу ыктымалдыгы айтылган. Бирок бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонду» үч медианы сотко берген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Райымбек Матраимов мамказынага 1 миллиард 223 миллион 512 миң сом төктү

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.