Адвокат Атамбаевдин абактан жазган катын жарыялады. Анда Жээнбеков жөнүндө жазылган…

Адвокат Атамбаевдин абактан жазган катын жарыялады. Анда Жээнбеков жөнүндө жазылган…
Адвокат Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан жазган катын «Фейсбуктагы» баракчасына кечээ, 25-декабрда, жарыялады.
Атамбаевдин абактан жазган каты:
Кээ бирде көчөдө басып баратып байкабай бок-сак тепселеп аласың. Анан эптеп таманыңды жолго сүртүп алып, ары басып кетесиң. Мен үчүн «Соке дос» өмүр жолумда жолуккан ошондой бир ыплас нерсе. Ага убакыт коротуштун эми кажети жок. Өмүрдү жакшы нерселерге арнаш керек. Аны ансыз деле мезгил да, Кудай да жазалайт. «Соке дос» тарыхта саткынчылыкты, эки жүздүүлүктү, уурулукту норма кылган сасык бир саясатчы катары калат. Азыртадан эле эл арасында «Кудай Сокедей достон сактасын» деген сөз айтылып калды. Мындан жаман жаза ал үчүн да, урпактары үчүн да жок. 
25.12.2020-ж.

3 жыл мурун… Атамбаевдин досуна берген батасы…

Артка сереп салсак, 6 жыл Кыргызстанды башкарган Алмазбек Атамбаев андагы досу Сооронбай Жээнбековго тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берип, өз колу менен жетелеп келип тактыга отургузган.

2017-жылы 15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган. Ант берүү салтанаты Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясындагы «Энесай» үйүндө өткөн. Анда Алмазбек Атамбаев сөзүн жыйынтыктап жатып, Сооронбай Жээнбековго мындай деп батасын берген:

Оо, жараткан!

Кыргыздын жаңы ажосун кырсыктын балээсинен сакта,

Душмандын жалаасынан сакта.

Дос көрүнүп кас болгондон сакта,

Жаныңда жүрүп өч болгондон сакта!

Берекет жаныңдан кетпесин,

Бак-дөөлөт башыңдан кетпесин!

Жолуң шыдыр болсун!

Жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун!

Жараткан ар дайым сени колдосун.

Аман бол, бактылуу бол, Соке досум!

Элибизге ак жолтой ажо бол!

Оомийин!

Тагдырдын тамашасы…

3 жылдан кийин тарыхый бурулуш болду. Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 15-октябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, арызын жазып кетти. Тагырагы, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу нааразычылыктан жаралган саясий кризистен улам президенттик кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Ал 15-октябрда кетүү чечимин кабыл алып, арызын жазып, ал арызы 16-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында расмий жарыяланып, соңку билдирүүсүн жасаган эле…

Тагдырдын тамашасын кара, тээ 2017-жылы 15-октябрда президент болуп келип, 2020-жылы дал ошол күнү —  15-октябрда кызматынан кетти…
Ал эми мурунку ажо Алмазбек Атамбаев экөөнүн мамилеси… ал башкача мейкиндиктеги сөз…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.