Милиция журналисттер менен Улан Үсөйүнгө карата коркутууларды териштире баштады

Милиция журналисттер менен Улан Үсөйүнгө карата коркутууларды териштире баштады

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда Factcheck.kg сайтынын журналисттери менен «Баштан башта!» кыймылынын лидери Улан Үсөйүнгө карата коркутуп-үркүтүүлөр боюнча териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков кечээ, 16-мартта, «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, коркутуу фактысы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене («Майда бейбаштык») боюнча катталган жана азыр билдирүүлөр текшерилип жатат.

Ага чейин…

Ош шаарында фактчекинг боюнча жолугушуу өткөрүлө тургандыгы жарыяланып, ага журналисттер Асел Сооронбаева, Ярослав Тартыков жана Улан Үсөйүн катыша тургандыгы айтылган. Бул жарыядан кийин Facebook социалдык түйүнүнүн Али Абдразаков аттуу колдонуучусу баракчасына журналисттер менен активисттердин Оштогу жолугушуусуна жол бербөөгө чакырган билдирүү калтырган. Анан ал билдирүүнүн  алдына уюштуруучулар менен аларды колдогондорго карата бир кыйла коркутуу-үркүтүү комментарийлери жазылган дешет…

Эми ар кыл комментарий жазуу боюнча буга чейин териштирүү, текшерүү, укуктук баа берүү сындуу маалыматтарды далай укканбыз. Албетте, кимдир бирөөнүн дарегине ар кыл сөздөрдү айтып, жазган натуура иш. Анткен менен жарандык позициясын билдиргендерди канча бир убакытка камап салган учурлар да жок эмес, ушул жаман тенденцияга айланып кетпесе дейсиӊ..

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.