ВИДЕО — Текебаев менен Чотонов акталды! Өмүрбек Чиркешовичтин апасы күткөн күн!

ВИДЕО — Текебаев менен Чотонов акталды! Өмүрбек Чиркешовичтин апасы күткөн күн!

Бүгүн, 13-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата-Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебав менен Дүйшөнкул Чотоновдун «Мегакомго» байланыштуу козголгон ишти карап, актады. Сот Айнура Сатарова буга чейин коюлган дооматтарды жокко чыгарып, актоо өкүмүн чыгарды.

Өмүрбек Текебаев соттон кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, мындай жакшы кабарга өзгөчө апасы кубанаарын айтып,»Баарынан да апам күткөн күн» , — деди.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген жалган көрсөтмөнүн, андагы ажо Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 2019-жылы Жогорку сот ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган.

Негизи эле бул сот ишин жөндөн жөн эле 4 жылга созуп келишкен. Акыры чындык орноп, Ыйык Рамазан айында бул ишке чекит коюлуп отурат. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду акыры адилеттүүлүк орношу менен куттуктайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.