ВИДЕО — ЭЛ: «Айдоочуларга эми биз бойкот жарыялайбыз, жол кирени 8 сом кылышсын!»

ВИДЕО — ЭЛ: «Айдоочуларга эми биз бойкот жарыялайбыз, жол кирени 8 сом кылышсын!»

Бишкекте жол кирени көтөрүүнү талап кылып иш таштаган айдоочулардын айрымдарынын Ватсап аркылуу ич ара жашыруун сүйлөшүшкөндөрү бүгүн, 6-июнда, социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууда…  Аларды уксаӊ, эл чыдамы кетпей эле, «жол кире көтөрүлмөйүнчө канча күн, жума, бир ай, эки ай болсун, каттамга чыкпайбыз, кармашканыбыз кармашкан» деп тырышып жаткан айдоочулардын өздөрүнүн чыдамы кетип, сабыры түгөнүп, «өзүбүз эле 15 сом деп жазып алып чыга беребиз» деп «ормон опузанын» башка түрүнө салышкан экен, «маршруткаларсыз абал» боюнча жалпы элдин пикирин биле албасак да, айрым шаар тургундарына «Жол киренин көтөрүлүшүнө кандай көз караштасыз? Маршруткасыз күндөр сизге кыйынчылык жараттыбы?» сындуу суроо салып, мындай жоопторду алдык.

«Айкүр» федерациясынын вице-президенти Искендер КОЖОКЕЕВ: «Айдоочулар жол кирени көтөрүүнү каалап жатышса, анда элди тейлөөнү жакшыртышсын!»

Эгерде айдоочулар, ошончо эле жол кире баасын көтөрүүнү каалап жатышса, анда элди тейлөөнү жакшыртышсын! Жасалма олтургучтарын заводдон чыккандагы калыбына келтиришсин! Олтургучу менен каттамдар жүргүзүлсүн! Айдоочулар жол талашып бири-бирине тоскоолдук жасабай, сый мамиледе болушу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. Убактысы менен жүрүү тартибин сакташсын! Ал эми маршруткалардын башында турган ээси буларды эсине алсын: бусик кимдики болсо, аренда баасын ылдыйлатып айдоочуга жеӊилдиктерди камсыз кылышсын; бир айда 7 күн айдоочулардын өздөрүнө иштөөсүнө уруксат беришсин. Анткени алардын да бала-чакасы тамак жегиси, кийингиси келет.

Чынара МОЛДОКУЛОВА: «Мен жол киренин көтөрүлүшүнө, маршрутканын көбөйүшүнө каршымын!» 

Үй кожейкеси Чынара Молдокулованын пикиринде, карапайым эл жол киренин кымбатташын көтөрө албайт.

Жол киренин көтөрүлүшүнө каршымын. Себеби, бир үй-бүлөдөн эки-үч киши жумуштап көчөгө чыга турган болсо, бир топ акчаны чапчыйт. 150-200 сом болуп калат. Ал акчага кысылып, тыгылып маршруткага түшкөндөн көрө, таза, кенен отуруп барган таксиге түшкөнүбүз жакшы эмеспи. Бул — бир. Экинчиден, маршруткалар токтогондон бери шаар кадимкидей тазаланып калды. Жол кенен, тыгын жок. Көрсө, тыгынды маршруткалар жаратып, абаны булгап жатышыптыр. Үчүнчүдөн, эл маданияттуу болуп калды. Аялдамага туруп  троллейбус, автобусту күтүп тартиптүү болуп калышты. Бош кетип бараткан унаалардын ээлери  аялдамадан адамдарды ала кетүүдө, алар менен баруучу жагыӊа акысыз жетип алуудабыз. Анын үстүнө бекер жеткирүү акциясын жаштар уюштуруп жиберишти, аларга чоӊ рахмат. Уюштуруу акциясына да туш болуп калдым. Ушул жакшы көрүнүш, жакшы жышаан ушул бойдон сакталып калышын каалайм. Бийлик элди ойлосо, троллейбус, автобусту көбөйтүшсүн. Мен жол киренин көтөрүлүшүнө, маршрутканын көбөйүшүнө каршымын! Айдоочулардын жашыруун сүйлөшүшкөн тасманы көрдүм, ошол тасманын аягындагы сакалчан жигит туура айтып жатат, «маршруткага түшпөй, бойкот жарыялагыла, керек болсо 8 сом кылышсын!» деп. Туура, колдойм! Себеби, карапайым эл жол киренин кымбатташын көтөрө албайт. Ансыз да баары кымбаттап жатат.

АЙДООЧУ: «Эртеӊ 15 сом менен 100 пайыз ишке чыгып кетели!»

Белгилей кетсек, буга чейин тараган тасмадагы Ватсап аркылуу ич ара жашыруун сүйлөшүшкөн үндөрү жазылган айдоочулардын биринин башкаларды: «10 сом деп башкалар чыкканга даяр болуп калышыптыр, а биз акырына чейин отура берип уят болбой, абалдан достойно чыгып кетүү үчүн…, …эртеӊ саат 6да маршруткага 15 сом деп жазып 100 пайыз ишке чыгып кетели. Мындан башка вариант жок. Эл менен бир ай кырылышабызбы, эки ай кырылышабызбы, көндүрөбүз. Маршруттук таксибиз да, он сомуӊуз — жол киреӊиз, 5 сом — посадка деп айтабыз» деп үгүттөп жатканын угууга болот. Андан дагы, алар жапырт чыкпай коюшса, нааразы эл топурап аянтка чыгып, мэрия аргасыз жол кире акысын көтөрөт деген ойлору болгону да айтылат алар сүйлөшүшкөн сөздөрдүн арасында… А эл болсо, сабырдуулукту көрсөтүп койду. Анан, айдоочулар ортодо бекер эл ташып бир кыйла автобустар чыга калат деп күтүшпөсө керек…

Айтмакчы, ошол сүйлөшүшкөн сөздөрдүн арасында камактагы саясатчылар Бабанов, Зулпукаров, Жээнбековдун аттары да аталып, алардын кишилери «жыйналып келип бергиле, ызы-чуу кылып бергиле, төлөп беребиз, жагдай-акыбал өзгөрүп кетсе, 15 эле эмес, андан дагы жогорулатып беребиз» сындуу «сунуштар» менен чыгышканын саймедирегендер, «саясатка аралашпай тим бололу» деп акыл айткандар болгон. Ал айдоочулар чын айттыбы же калп айттыбы, ким билсин, кызыгы, ошол сүйлөшүүлөрдүн чыгып кеткени болуп жатат. Максат айрым айдоочулардын ниет-жүзүн ачуу беле же кошумча максат бар беле дейсиӊ…

Анткен менен жол киренин көтөрүлүшүнө эл башынан эле каршы. Тараган видеодогу жигиттин айтканын колдоп, керек болсо, жол киренин баасын алтүгүл 10 сомдон арзандатып 8 сом кылуу акциясына даярданышкандар да болууда… Эртеӊ эмне болоорун бир Кудай билет!

Неси болсо да, «жол кирени 15 сом деп жазып чыга берели, акыры көндүрөбүз» деген «стратегияны» сунуштап «эл менен кармашмакчы» болгон «шефтер», «кукловоддор» кимдер болду экен, ушул кызык…

Эске сала кетсек, 2-июндан бери, Бишкектин бардык каттамындагы маршруткалардын айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап калкты капа кылып жатышкан… Айдоочулардын талабын бул жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

МЭРИЯ: «Ким жол кирени көтөрсө, чалгыла!»

Айрым айдоочулар тарабынан тарифтерин уруксатсыз 15 сомго чейин көтөрүү фактылары бар. Бул фактылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазага алып келет.

Белгилей кетсек, жол жүрүү акысы бирдей — Бишкек шаардык кеңешинин “Бишкек шаарынын коомдук транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу тарифтери жөнүндө” 2012-жылдын 26-апрелиндеги No 312 токтомуна ылайык.

Урматтуу жарандар, эгер сиз маршруттук таксилердин айдоочулары тарабынан тарифтердин жогорулагандыгына күбө болсоңуз, анда видео фактыларды WTSAP номерине жөнөтүңүз: 0554 182 185.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.